Иманалиев, Шадыкан

Википедия дан

Иманалиев Шадыкан (1907, Жайыл району, Сары-Булак айылы — 1990, Бишкек ш.) — мамлекеттик жана партиялык ишмер. 1929-жылдан КПСС мүчөсү.

1921—25-ж. Бишкек шаарындагы балдар үйүндө тарбияланган.
1925—27-ж. Калинин шаарындагы (Россия) Фабрика-завод окуу жайында, 1930—31-ж. ВКП(б) БКнын алдындагы партиялык-комсомолдук кызматкерлерди кайра даярдоочу курста окуган.
1927—30-ж. Ош, Жалал-Абад облустарында, Ташкен шаарында комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеген.
1931—44-ж. Кыргызстан КПнын Лейлек, Ысык-Көл, Чоң-Алай, Үч-Коргон райондук комитеттеринин биринчи катчысы, Кыргызстан КП(б) БКнын советтик-соода бөлүмүнүн башчысы.
1944- жылдан Ош облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1945-жылдан Кыргызстан КП(б)нын Тянь-Шань, 1947—52-ж. Ысык-Көл облустук комитеттеринин биринчи катчысы болуп иштеген.
1952—53-ж. Кыргызстан КП(б) БКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысына орун басар.
1953-жылдан Фрунзе облустук эл депутаттар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы.
1959—61-ж. Кыргыз Республикасынын эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн директору.
1961—65-ж. Республикасынын эт-сүт башкармасында жетектөөчү кызматтарда иштеген.
Иманалиев 2 Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.