Инвестициялык жагымдуу кырдаалды түзүү

Википедия дан

Инвестициялык жагымдуу кырдаалды түзүү - Жагымдуу инвестициялык кырдаалдын болушу капиталдык салымдардын өсүшү үчүн шарт түзөт.

Реформалардын жылдарында Кыргыз Республикасынын өкмөтү ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн инвестициялык кырдаалды жакшыртууга багытталган маанилүү чараларды көрдү. Алардын ичинде инфляциянын темпин төмөндөтүү, чет өлкөлүк инвестицияларды пайдаланып жатышкан коммерциялык уюмдардын пайдасына салык салуудагы жеңилдиктер; кошумчаланган наркка салыктан жана импорттолуп келген технологиялык жабдууга жана запастык бөлүктөрүнө салыктан бошотуу, о. э. чет өлкөлүк банктардан, кредит мекемелеринен алынган чет өлкөлүк валютада жеңилдик кредиттерди берүү бар.

Келечекте инфляцияны басаңдатуунун натыйжасында макроэкономикалык конъюнктураны жакшыртуу, анын натыйжасы катары, инвестициялык максаттар үчүн узак мөөнөттүү кредиттин проценттик ставкасын төмөндөтүү чечүүчү мааниге ээ болот. Жагымдуу инвестициялык кырдаал түзүүдө амортизациялык чегерүүлөрдүн дайындалышы боюнча пайдаланууга ишкананын максаттуу багыт алышы маанилүү роль ойнойт. Кыргыз экономикасына инвестицияларды стимулдаштыруу проблемасын чечүү көп жагынан баалуу кагаздардын кыргыз рыногунун калыптанышына жараша болот.

Приватташтырылган ишканалардын акциясына суроо-талап кыйла даражада инвестициялык жигердүүлүккө таасирин тийгизет. Соңку убакта бул акциялардын курсунун өсүшү монополисттердин коомдорунун акционерлери үчүн мүнөздүү. Кыргыз ишканаларынын кыйла бөлүгү приватташтырылган кездеги шартта чет өлкөлүк капиталды тартуу процесси сөзсүз ишканаларга ээ болушкан кыргыз акционердик коомдорунун акцияларын чет өлкөлүк инвесторго сатуу жолу менен жүрөт. Кыргызстандын жакынкы чет өлкөлөр менен инвестициялык кызматташтыгы ар бир өлкөнүн экономикасын турукташтыруунун жана андан ары өнүктүрүүнүн негизги каражаттарынын бири болуп кызмат өтөйт. Жакынкы чет өлкөлөрдүн инвестициялык кызматташтыгы ушул өлкөлөргө зарыл продукциянын түрлөрүн чыгарууну, адистештирүүнү, кооперациялаштырууну эске ала турган макулдашылган экономикалык саясатысыз ийгиликтүү ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин капиталдарын тартуу инвестициялык долбоорлорду, эл аралык финансы лизингин биргелешкен мамлекеттик коммерциялык финансылоо, инвестиция ишин турмушка ашыруу үчүн консорциумдар тибиндеги келишимдик биргелешкен уюмдарды түзүү жолу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.

Соңку убакка чейин чет өлкөлүк капиталдын түз инвестициялар түрүндө катышуусунун негизги формасы биргелешкен ишканаларды түзүү болгон. Ушундай типтеги катталышкан ишканалардын санынын арбындыгына карабастан, алардын чет өлкөлүк инвестицияларды тартышы азыраак өлчөмдө, ал эми алардын экономикадагы ролу анчалык деле маанилүү эмес. Биргелешкен ишканалардын уставдык фондуларындагы кыргыз инвесторлорунун үлүшүн аныктоонун жолдорун өркүндөтүү, чет өлкөлүк инвестицияларды пайдаланып жатышкан коммерциялык уюмдардын уставдык фондуларынын кыргыз бөлүгү катары салынган имараттарды, курулуштарды, жабдууларды, жерди баалоо методикасын иштеп чыгуу зарыл. Чет өлкөлүк кредиттердин формаларынын бири кредитти продукция берүү (компенсациялык макулдашуулар) шарты менен кыргыз ишканаларын өнүктүрүүгө кредит берүү үчүн максаттуу банк салымдары болуп эсептелет.

Берилип жаткан жабдуулар менен чыгарылган сырьелорду жана жарым фабрикаттарды кошумча берүүлөрдүн ордуна чет өлкөлүк өнөк берип жаткан машиналарга, жабдууларга, технологияга, комплекттүү заводдорго бүтүмдөрдү стимулдаштыруу максатка ылайыктуу. Ачык-айкын аймактардагы ишке чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн эркин экономикалык зоналарды түзүү механизмин пайдалануу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9