Инсандык калыптануунун технологиялары

Википедия дан

Инсандык калыптануунун технологиялары - инсанды татаал, кайталанбаган өз алдынча баалуулук катары кабылдаган жана инсанды гармониялуу өнүктүрүүгө арналган окутуу жолдорунун жыйындысы. Мындай технологиянын негизинде гумандуулук педагогикасы жана психологиясы, граждандык коомду түзүүдөгү демократиялык принциптер жатат. Ал «Адамдын бардыгы бирдей, алардын бири-бирин кемсинтүүгө укуктары жок» дегенди билгизет. Окутуунун инсанга багытталган технологиясын иштеп чыгууда негизги көңүл коомдун өнүгүү талабына, инсандын талабына, инсандын каалоосуна, жөндөмүнө, өнүгүшүнө гумандуу мамиле жасоо, ошого жараша окутуунун мазмунун, ыкмаларын, каражаттарын, уюштуруу формаларын тандоо, колдонуу, ар бир инсандын жетишкендигин объективдүү баалоо, аларга жекече мамиле жасоо идеясы жатат.

Албетте, алардын бардыгын тизмелеп олтуруу мүмкүн эмес. Ошондой болсо дагы инсандын өнүгүүсүн ишке ашыруунун эки элементин белгилөөгө болот:
1) социалдык-маданий тажрыйбаларды дидактикалык жактан кайрадан иштеп чыгуу, аларды окуу-программалык материал (билим стандарты) катары сунуш кылуу;
2) окутууда окуучунун субъект катары өздүк тажрыйбасына таянуу, аларды өз алдынча өнүгүүгө, кемчиликке өкүнүп, жетишкендикке канааттанууга үйрөтүү, шарт түзүү.
Мындай шарттар бир нече типтеги технологиялар аркылуу ишке ашат: максатында ар кандай жагдайдагы коомдук, социалдык, адистик ролдорду имитациялоочу оюндарды уюштуруу (имитациялоочу оюндар технологиясы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004