Исабаева, Валентина

Википедия дан

Исабаева Валентина (1927-ж. т., Тоң району, Төрткул айылы) — врач-физиолог, Кыргызстан ИАнын мүчөсү (1961), медицина илимдеринин доктору 1976), профессор (1977). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1977).
1951-ж. КММИни бүтүргөн.
1955—57-ж. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда сектор башчы, 1957—62-ж. Кыргыз ССР курортология жана физиотерапия илимий изилдөө институтунун директорунун орун басары.
1962—71-ж. КММИнин ректору.
1971-жылдан Кыргызстан ИАнын Бийик тоо физиология жана эксперименттик патология институтунун директору. 1983-жылдан ушул эле институтта лаборатория башчысы.
Исабаева Валентина 100дөн ашык илимий эмгектин (4 монография) автору. Негизги изилдөөлөрү табигый гипоксия, курортология, айрыкча Ысык-Көлдүн курорттору (Ак-Суу, Кой-Сары, Чолпон-Ата) жана башка маселелерге арналган. Исабаеванын изилдөөлөрү тоодо жана эксперименттик гипоксия шартында жалпы биологиялык мааниси бар адаптациянын физиологиялык негизинин бир катар олуттуу закон ченемин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Түрдүү бийикте жашоочулар менен тоодо аз убакыт болгондордун гемокоагуляция системасынын стандартын иштеп чыгышы клиникалык медицина, нормалдуу физиология жана географиялык патология үчүн баалуу материал.
1959—75-ж. Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин депутаты.
Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Орусча эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хеморецепторы, гемокоагуляция и высокогорье. — Ф.: 1973.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.