Ички планеталар
Көрүнүш
Ички планеталар (interior planets) – Жер тобундагы планеталардын Күнгө жакын турган 4 чоң планетасы: Меркурий, Чолпон, Жер, Марс. Меркурий менен Чолпондун орбиталары жер орбитасынан кичине, алар кечинде же эртең менен ар дайым Күндүн жанынан гана көрүнөт. Булар бир катар физикалык касиеттери боюнча бири бирине окшош келет. Ички планеталардын ичинен Чолпон менен Жердин массалары бирдей. Меркурий менен Марстын массалары Жер массасына жакын. Меркурий менен Чолпондун табигый жандоочулары жок. Марстын жандоочулары Фобос жана Деймос. Меркурийдин бети өтө ысык, ошондуктан анда атмосфера жок.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
Күн тутуму | |
---|---|
Жылдыз жана планеталар | Күн • Меркурий • Чолпон • Жер (Ай) • Марс • Юпитер • Сатурн • Уран • Нептун |
Кодоо (карлик) планеталар | Церера • Плутон • Хаумеа • Макемаке • Эрида • 90377 Седна • 90482 Орк • 50000 Квавар • Гун-гун • 307261 2002 MS4 |