Ишенов, Сайнидин

Википедия дан
Сайнидин Ишенов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Сайнидин Ишенов
Туулган жылы: 1938-жылы -
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: акын, жазуучу

Жазуучу, акын, котормочу Сайнидин Ишенов 1938-жылы туулган. 1955-жылы A.C.Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектебин бүтүргөн. Эмгек жолун туулган айылында комсомол уюмунун катчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1958-жылы Токмок шаарындагы Республикалык маданий-агартуу окуу жайын аяктап, китепканачы адистигине ээ болгон. 1958–1963-жж. Москва шаарындагы Мамлекеттик китепканалык институтунда окуган.

С.Ишеновдун «Кичине балдар, чоң балдар, китептин сөзүн уккула» деген биринчи ыры 1961-жылы 8-февралда «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган. Бир нече жыл В.В.Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунда китепкана жана библиография кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Азыркы учурда К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында өз адистиги боюнча иштеп келет. СССР Маданият министрлигинин «За отличную работу» төш белгисине жана Н.К.Крупская атындагы медалына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланып, «Эмгектин ардагери» медалына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын китепканаларынын бирикмеси «Китепкана жылдызы» деген төш белги менен сыйлаган. 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун, 1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз жазуучулары – балдарга: Кенже мектеп жашындагы балдар үчүн кыргыз жазуучуларынын чыгармаларынан баян. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1963. – 28 б.
  • Мектеп китепканасынын иштери: Практикалык колдонмо. – Ф., 1967. – 90 б.
  • Кыргыз балдар адабияты: Маалыматнаама (1926–1966). – Ф.: Мектеп, 1969. – 420 б.
  • Селолук китепканада балдар менен иштөө: Практикалык колдонмо. – Ф., 1972. – 66 б.
  • Китеп окуучу болуу – искусство: Китеп окуунун үлгүлөрүнөн баян. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 27 б.
  • Кыргыз балдар адабияты: Библиографиялык маалыматнаама (1967 – 1976). – Ф.: Кант басмаканасы, 1979.– 168 б.
  • Китепкана – биздин дос: Китеп окуу жана китепкана жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 52 б.
  • Кыргыз жазуучулары – балдарга: Тестиер жана өспүрүм балдар үчүн кыргыз жазуучулары жана алардын чыгармаларынан баян. – Ф.: Мектеп, 1986. – 90 б.
  • Кыргыз балдар адабияты: Библиографиялык көрсөткүч. – Ф.: Мектеп, 1990.– 154 б.
  • Биздин майрамдар: Майрамдар жөнүндө баяндамалар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 78 б.
  • Тракторчу секелектин баяны: Даректүү аңгеме. – Б.: 2003.
  • Балдарга мен ыр сунам: Ырлар. – Б., 2005.
  • Балдар бакчасы: Мектепке чейинкилер үчүн ырлар. – 2007.
  • Мекеним: 6–7 жаштагы балдар үчүн ырлар. – Б., 48 б.
  • Баатырлар: (Портреттер менен). – Б.: Аль Салам, 2008. – 12 б. (Р.Султангазиева менен бирге).

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Антокольский А. Жети сарайдын жети ачкычы: Таң каларлык фантазияга жакын, бирок толук ишенимдүү окуялар. – Ф.: Мектеп, 1983. – 156 б.
  • Винграновский Н. Туңгуч: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1985. – 32 б.
  • Лацисс В. Бала барчын: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1977. – 78 б.
  • Мальт В. Айнектин тарыхы: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1975. – 72 б.
  • Погодин Р. Тамаша: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1978. – 18 б.
  • Поварнин С. Китепти кантип окуу керек: – Ф.: Мектеп, 1979. – 90 б.
  • Кривич М., Ольгино. Жол жүрүүнүн эрежеси. – Ф., 1989. – 18 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]