Кабылов Тойчубек Бегмуратович

Википедия дан
Кабылов Тойчубек Бегмуратович
Аты-жөнү: Кабылов Тойчубек Бегмуратович
Туулган жылы: 1969-жылдын 31-майы
Туулган жери: Ош облусу
Жарандыгы: Кыргызстан желеги Кыргызстан
Илимий чөйрөсү: Англис тили
Иштеген жери: Ош мамлекеттик университети, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети, немис тили кафедрасы
Илимий даражасы  :филология илимдеринин кандидаты
Илимий наамы: доцент

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабылов Тойчубек Бегмуратович 1969-жылы 31-майда Ош областынын Алай районуна караштуу Кабылан -Көл айылында туулган.1986-жылы аталган районго караштуу мектепти бүтүрүп,1987-1989-жж. советтик армиянын катарында кызмат кылган.

1991-жылы Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине кирип аны 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун өзү бүткөн чет тилдер факультетинде мугалим болуп иштөө менен баштаган. 1998-жылдан тартып орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданий аралык коммуникациялар кафедрасында окутуучу, улук окутуучу болуп иштеп келген.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2005-2010-жж. орус филологиясы факультетинин чет тилдер жана маданий аралык коммуникациялар кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
  • 2010-2013-жж. аталган факультетте декандын илим иштери жана эл аралык байланыш боюнча орун басары кызматын аркалаган.
  • 2014-жылдан ушул мезгилге чейин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин "Немис тили" кафедрасынын башчысы кызматын аткарып келет.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Окутуудагы, тарбиялоодогу жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн 2007,2010-жылдары ОшМУнун Ардак грамотасы,2012-жылы Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]