Кадимки тартак сцинк

Википедия дан
Кадимки тартак сцинк.
Кадимки тартак сцинк.

Кадимки тартак сцинк, Узунбут сцинк (Novoeumeces schneideri (Daudin, 1802), Eumeces schneideri, (Eichwald, 1839)): сцинктер тукумуна Eumeces уруусундагы түр. Жер жүзүнүн бардык жердин кезигүүчү кескелдириктердин бири. Борбордук Азияда , Орто Азиянын түштүк тарабын мекендейт. Бул түр Кыргызстандын түштүгүнөн 1985-ж. Кочкор-Ата аймагынан кармалган. У. с-тин эркектери ургаачыларына караганда чоңураак, дене уз. 165 мм, ургаачысыныкы 155 мм. Алар кургак, таштак чопо топурактуу жерде, пахта талааларынын чет жакаларында, мөмөлүү дарактын, жүзүм арасында жолугат. Кууту май айында, жүрөт 6-9 жумуртка тууйт. Ар түрдүү курт-кумурскалар: коңуз, субагай канаттуулар, чаяндар жана башка менен азыктанат. Бул түр Кыргызстанда саны азайгандыктан корукка алынууга тийиш.

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрдүн ареалдары – Түштүк-батыш Алжирден тартып Батыш Индияга чейин. Урууга тиешелүүлүктү жана түрчөгө бөлүнүншү дискуссиондук. N.S.princeps Чыгыш Турция, Ирак, Иран, Чыгыш Кавказ, Афганистан, Орто Азиянын түштүгүн (түндүккө карай Нуратоо жана Чардадыр тоолоруна чейин), Пакистан жана Түндүк-Батыш Индияны мекендейт. Кыргызстанда: Түркстан кыркаларынын тоо этектери (Тахтобоз тоо кыркасы, Лейлек жана Сох суулардын төмөн жагы жана Араван кыштагына жакын Кекмек тоонун этегинин чыгышы (түр ареалынын четки чыгыш точкасы).

Жашаган аймактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аздыр-көптүр тоо этектери менен тыгыз байланышта, бак дарактуу өсүмдүктөр ээлеген өтө таштуу (жагымдуу) беттерди (жантайалады) жана чополуу жерлерди ээлейт; кээ бир жерлерде суулардын кургак (кургап калган) нуктарын, тугайларды, кумдарды, жүзүмдөрдү ж.б. ээлейт. Кыргызстанда деңиз деңгээлинен 1200м бийиктикке чейин кездешет, бирок өтө таштуу (шагылдуу) жантаймаларда, балким бул жерлерге эл жашаган жыш райондордон сүрүлүп келген.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык жерлерде сейрек. Кыргызстанда популяцияснын азыркы абалы жөнүндө материалдар жок. Азыркы кезде Ош жана Баткен облустарынын 3 локалитеттеринен 4 особдору табылганы чынында (чыныгуу) белгилүү.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кемирүүчүлөрдүн, куштардын, таш бакалардын ийиндеринеде жашайт, узундугу 2м, тереңдеги 60см ге ийиндерди өзү казат. Чээни башка кескелдириктерден кечирээк, май айыда чыгат. Күндүз активдүү жашыныш үчүн таштардын арасын жана жаракаларын пайдаланат. Омурткасыздар, негизинен курт-кумурскалар жана алардын личинкалары менен азыктанат, ирилери кээ бирде геккондорду жана кеснектерди жешет. Ургаачысы июлң-августта 6 – 9 жумуртка тууп , ал жаңы эле туулган особдорду кайтарат деген маалыматтар бар; жаштары кышташ үчүн жана дайыма жашырыныш үчүн келерки жайга чейин энесинин ийиндерин пайдаланышат.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда – жерлерди өздөштүрүү жашоого ылайыктуу жерлеринин кыскарышына алып келүү, табигый аз сандуулугу жана түрдүн таралышынын физика-географиялык жана климаттык областарда обочолонгондугу, жырткычтардын (корсактар, күсөндөр, ири жыландар, жырткыч куштар ж.б) кол салышы жана адамдын кырып жоготушу, балким террариумистилердин кармашы.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартак сцинк – террариум-сүйүүчүлөрдүн жана зоопарктардын жашоочусу , колдо багууда көбөйүшүүсү белгилүү, Кыргызстанда көбөйтүү жүргүзүлбөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда, Кыргызстанда коргоого алынган эмес. Өзгөчө коргоодогу жаратылыш территорияларында (ӨКЖТ) түрдүн бир дагы жашаган аймактары белгиленген эмес. Тажикстандын Кызыл китебине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоочу жерлеринде жаратылыш пайдалануунун регламентациясы (жайыттарды азайтуу, аридүү биотопторду бадалдуу токойлору менен алгачкы абалына (кейпине) келтирип сактоо, ошондой эле көбөйтүүнүн методдорун иштеп чыгуу, түрдү коргоо боюнча пропаганда жүргүзүү жана сүйүүчүлөрдүн кармоосуна (кармашына) тыюу салуу.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

EN Bl ab (ii i) категория. Түштүктүн батыш – палеарктикалык түрдүн бирин – сериндик таралуучу түштүк-туран түрчөсү. Кыргызстанда абдан аз сандагы чачыранды популяциялары менен көрсөтүлгөн; түрдүн чет жакадагы таралышы коркунучда турат; Тажикстандын Кызыл китебине киргизилген (2 категория).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]