Кайыңды суусу, Ак-Суу району

Википедия дан
Кайыңды суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 50 км
бассейндин аянты 599 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Ак-Суу району

Кайыңды суусуБорбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаздын сол куймасы. Ак-Суу районунун аймагында. Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш тарабындагы Кайыңды мөңгүсүнөн башгалып, Кайыңды өрөөнү аркылуу батышка агат. Узундугу 50 км, алабынын аянты 599 км2, анын 158 км2ин мөңгү жана түбөлүк эрибеген кар ээлеп жатат. Алабынын орточо бийиктиги 3800 м. Мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Июль-август айларында агымдын жылдык көлөмүнүн 60-70%и агып өтөт, ноябрь-апрелде тартылат. Жылдык орточо чыгымы 10 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, эң азы 1,5 м3/сек. Негизги куймасы Ат-Жайлоо суусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]