Каракол кенчи

Википедия дан

Кaракол кенчи I 1884-жылы Караколдон табылган. Кенч коло дооруна тиешелүү төрт буюмдан турган: бычак, көзөөч, шынаа сымал көлөмдөгү уңгусу жок керки жана көзөөч сымал керки. Көзөөч сымал керкинин жасалыш ыкмасы жогорудагы куралдардан кескин айырмаланып, Болгария менен Румыниянын чегарасында жайгашкан Гумельница энеолит маданиятынын буюмдарына жакын. Болжолу бул буюм Каракол кенчине соода байланышы аркылуу кошулуп калган болуу керек. Каракол кенчи Москва университетинин антропология музейинде сакталууда.
Каракол кенчи II Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы Каракол айылынын жанынан 1976-жылы табылган. Кенч кеч коло доору жана эрте темир дооруна тиешелүү беш канжардан турат. Канжарлардын узундугу 29,5 см, туурасы 5,2 см. Кээсинин сабынын башында жылкынын, койдун сөлөкөттөрү түшүрүлгөн. Ар түрдүү калыпта куюлуп, көлөмдөрү бири-биринен айырмаланганы менен негизги жасоо ыкмалары, саптарынын башында жаныбарлардын келбеттеринин түшүрүлүшү боюнча булардын бир устанын колунан чыккандыгын далилдеп турат. Д. Ф. Винник, Е. Е. Кузьмина жылкынын жана койдун келбеттеринин түшүрүлүшүн коло доорундагы элдердин мифологиясында, фольклорунда бул жаныбарлардын кеңири тарашы менен байланыштырышат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.