Каракоо-Жунай Тоосу

Википедия дан

Каракоо-Жунай ТоосуЫсыккөлдүн түштүк-батышында. Доңузкудук, Көбүргөн жана Улакол-Семизбел өрөөндөрү менен чектешет. Тоң районунун аймагында. Кеңдик багытта 26кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 2881 м; тегерегиндеги өрөөндөрдүн таманынан 700-800 м көтөрүңкү. Кыры тайпак, тик чокулар жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор аз. Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит-диорит, порфирит интрузия тектеринен турат. Жарым чөл жана кургак талаа ландшафты басымдуу; бадал аралаш талаа жана шалбалуу талаа да кездешет. Жайыт.