Кара-Үңкүр өрөөнү

Википедия дан

Кара-Үңкүр өрөөнү — Батыш Теңир-Тоодо. Бабаш-Ата, Исфан-Жайлоо кырка тоолору менен Фергана тоо тизмегинин аралыгында жайгашкан. Негизинен Базар-Коргон районунун, төмөнкү бир аз бөлүгү Ноокен районунун аймагында. Жалпы узундугу (Күрөбөстүн башынан Кыргызстандын чек арасына чейин) 100 км, жазылыгы 8–12 км. Таманынын деңиз деңгээлинен бийиктиги 600–1400 м. Ооз тарабы (түштүк-батышы) жайык (70 кмге чейин), улам жогорулаган сайын (түндүк-чыгышты карай) кууштап, тектирлүү. Чарбак кыштагы тушта эки айрыкка – Кызыл-Үңкүр жана Арстанбап өрөөндөрүнө бөлүнөт. Өрөөндүн төмөнкү бөлүгү мезозой-кайнозойдун жана антропогендин конгломерат, кумдук, чопо, шагыл таш, кумдуу чопо тектеринен туруп, байыркы жер көчкүлөрдүн басымдуулук кылган аймагы, жогору жагы юра карбон, девон жана бор мезгилдеринин тоо тектеринен турат. Өрөөн аркылуу Кара-Үңкүр (Тентек-Сай) суусу агат. Климаты жер ортолук деңиздик. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы –3°...–17°C, жайы төмөнкү бөлүгүндө кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, 15– 24°C. Жылдык жаан-чачыны 400–1000 мм, көбүнчө кыш, жаз мезгилдеринде жаайт. Түзөң бөлүгүндө күңүрт боз, айрым жеринде шалбаасаз, орто бөлүгүндө кара күрөң, жогору жагында тоо-шалбаалуу кара топурак басымдуу. Кара-Үңкүр өрөөнүнө эфемер-шыбактуу кургак талаа (800–1800 м бийиктикте), бийик чөптүү бадалдуу талаа (1300–1800 м), шалбаалуу, жаңгак-жемиштүү токой (1800–2600 м), субальп (2600–3200 м), альп шалбаасы (3200–3500 м) мүнөздүү. Дүйнөдөгү жаңгак мөмө-жемиш токоюнун эң зор аянты өрөөндүн ландшафтына ажайып кооздукту берип турат. Рекреациялык мааниси да зор. Пахта, тамеки, жашылча-жемиш, тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Жогорку бөлүгү жайытка жана чабындыга пайдаланылат.Өрөөндүн төмөнкү жазы бөлүгүндө айыл-кыштактар жана айдоо аянттары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]