Карбоз уулу Келдибек

Википедия дан

Келдибек Карбооз уулу (1800-1880) - манасчы. Келдибек Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде туулуп, 80 жаштан өткөн кезде 1880-жылдарда Ат-Башы, Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болот. Келдибектин атасы Карбоз жамакчы, ырчы, санжырачы болгон. Той-аштарда жар чакырып, башка учурда “Манастан” үзүндү айткан. Ошондой эле энеси таланттуу келип, жамакчы, кошокчу болот. Келдибектин талантынын ойгонушуна алгач ата-энеси түрткү болгон болуу керек Анын манасчылыгына башка эмес, олуя акын Арстанбек өзү таң бере төмөнкүдөй ырга кошот:

“Келдибек Манас айтканда,
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк толуп.
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге-уук карчылдап.
Үзүктөрү желпилдеп,
Түндүк жабуу салпылдап,
Эшиктери шалкылдап.
Ат дүбүртү угулуп,
Айыл калбай чогулуп.
Журт атасы Манастын,
Алмамбет, Чубак, Сыргактын,
Арбагы көзгө урунуп.
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Кемпирлер турчу балпылдап,
Келиндер турчу калчылдап.
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай.
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап.
Койлор жуушап, кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей.
Парбардигер кудурет,
Паана болуп өзүнө.
Кара тору түспөлү,
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу.
Ашырып айтаар Манасты,
Ак уул, Куу уул кыргызда,
Андай адам жок болчу.
Түндүк бою түйүлүп,
Кереге бою керилип.
Коргошундай былкылдап,
Кор кызындай жылтылдап.
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап.
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй.
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин,
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле”.

Келдибектин өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын. Чынында да, ал Манас айтканда, улуу жомокко өзү эле аралашып кетпей, тегерегиндеги жандуу-жансызды бүтүндөй өзү менен ошол дүйнөгө ээрчитип кетчү дешет. Ал себептүү табиятты да өзгөртүүгө учураткандыгын калк жомоктоп айтып жүрөт. Бир сөз менен айтканда, Келдибек сейрек кездешүүчү, чыныгы алп манасчылардын бири болгон.

Көпчүлүк манасчылардай эле Келдибек “Манас” айтып калуусун түш көрүү менен байланыштырган. Келдибек “Манасты” 17 жашында айта баштаган, үчилтикти толук айтуу менен чектелбестен, Кошой, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак жөнүндө негизги чоролордун ар бирин 3–4 бөлүмдөн турган өзүнчө көркөм окуялуу дастан кылып айта билген. Көрүп калгандар анын талантына зор баа беришкен. Алардын эскерүүлөрүндө бир эле эпизодду – “Көзкамандардын окуясын” жети күнү айткан. “Көзкамандар окуясына” байланыштуу бир нерсени эскере кетүүгө туура келет. В. В. Радлов жазып алып жарыялаган “Көзкамандар окуясы” Келдибектин варианты боюнча деп эсептөөгө негиз бар. В. В. Радлов “Манасты” сарбагыш, солто урууларынын арасынан жазып алганын эскерет. Орустар алгачкы мамиле түзгөн сарбагыштардын башчысы Шабдандыкына келип токтогон. Муну ошол В. В. Радлов өзү келерден мурдараак каза болгон Шабдандын атасы Жантай жөнүндөгү жападан-жалгыз кошокту жазып алышы далилдеп турат. Ошол маалда Келдибек сарбагыштардын ичинде туруп, Шабдан менен канатташ жашаган. Анын аталарынын Чүйгө көчүп келип туруп калышы да чоң манап Жантайды караан тутушу менен байланыштуу. Демек, Шабданга такай катнашып турган чоң манасчы Келдибекке В. В. Радлов көңүл бурбай койбойт эле. Анын айткан “Манасынан” шек жок жазып алган. Бул Келдибек жакшы айткан “Көзкамандар окуясы” болушу ыктымал. Чоң манасчы Келдибектин көптөгөн шакирттери болгонунда шек жок. Кийин атагы таш жарган чоң манасчылар Тыныбек, Сагымбай андан үлгү алганы бизге белгилүү. Жаш Сагымбай “Манас” айттырып көрүп: “Айтканың жакшы, бирок кол шилтегениң, кыймыл-аракетиң али жакшы жетише элек” – деп өзү көрсөткөн. “Манасы” биз жогоруда болжолдогон В. В. Радлов жазып алган “Көзкамандар окуясын” эске албаганда сакталбаган. Аты гана сакталып, легендага айланган. Эл оозунда сакталып калган фантастика аралашкан поэтикалык улама аңыз сөз боюнча ал “Манас” айтканда Манас баатырдын керемети аркылуу жер титиреп, бороон шамал болуп, чагылган чартылдап, боз үйлөр солкулдап, чак түштө күүгүм түшүп, жайыттагы мал короого келип анын үнүн тыңшап турган. Манас жана анын чоролорунун арбагы көзгө көрүнүп, минген тулпарларынын дүбүртү угулуп турчу. Анын “Манасын” уккан оорулуу сакайып, төрөбөгөн аял төрөгөн, ылаңдаган малдар ылаңынан айыккан. Кийинки муундар гана эмес, өзүнүн замандаштары да (көрүп-билгендер) анын фантастикалык элементтер катышкан поэтикалык уламыш-аңыз сөзгө айлантышкан. Мисалы, анын замандашы кадимки чоң философ Арстанбек Буйлаш уулу таластык Чоңду акын менен айтышканда Келдибекти жогорудагы элдик уламышка жакын сүрөттөгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004