Карл Барт

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Карл Барт (нем. Karl Barth; 10 май 1886, Базель — 10 декабрь 1968, Базель) – швейцариялык протестант теологу; диалектикалык теологиянын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Анын биринчи көлөмдүү чыгармасы «Апостол Павелдин римдиктерге кайрылуусу». Кьёркегордун идеялары менен дал келишет жана адам менен кудайдын салыштыргыс экенин белгилеген. Барттын пикирине ылайык, адамдын билими анын (диндик) ички сырын ачуудан айырмаланат, ошондуктан динге ишенүү «ооба» жана «жок» деген түшүнүктөрдүн ортосундагы күрөш. «Ишенүү» түшүнүгүн ушундай кабыл алгандыгы үчүн Барт диний-рационализм, либералдык протестантизм менен саясат чөйрөсүнө кирген.

Христиандык социалисттердин идеологу болгон жана 1933-ж. Гитлерге, фашизмге каршы күрөшкөн.


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8