Карындыз

Википедия дан
Inula helenium.

Карындыз (лат. Inula L. 1753) - татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көбүнчө эки, кээде көп жылдык өсүмдүк. Жалбырагы бүтүн жээктүү, кезектешип жайгашкан. Себети бирден же бир нечеси биригип калкандай татаал топ гүлдү түзөт. Гүлү сары, четкилери тил, ортоңкулары түтүктөй түзүлүштө. Жер жүзүндө 200дөй түрү Евразия, Африка жана Жер Ортолук деңиз аймагында таралган. Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Бийик К. Менен чоң К. медицинада да дары катары колдонулат. Алардын тамыр-сабагында инулин, эфир майы, полисахариддер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]