Каста

Википедия дан
Касталар‎»‎ барагынан багытталды)

Касталар (португалчадан casta, лат. castus – таза; санскриптчеден – джати) – 1) өзүнө гана таандык социалдык функцияларды, мураска калган иштерди же кесипти (мындай кесип белгилүү бир этностук, айрым учурда диний жамаатка таандык болуу менен байланыштуу болушу мүмкүн) аткаруунун натыйжасында башкалардан бөлүнүп чыккан адамдардын туюк, эндогамиялуу топтору.
Касталар иерархияга ээ, касталар ортосундагы алакаларга бекем чектер коюлган. Архаикалык Касталар (катмарлар же социалдык рангдар) бир катар байыркы же орто кылымдардагы коомдордо (Байыркы Египет, Индия, Перу ж. б.) болгон.
Индияда тигил же бул белгиси боюнча айырмаланышкан жана индуизм дини тарабынан колдоого ээ болгон адамдардын бири биринен обочолонгон топтору өтө жалпы мүнөз күткөн. 20-кылымдын 40-жылдарында Индияда 3,5 миң касталар жана кастачылар болгон.
Байыркы жана орто кылымдардагы индиялык коом варналарга бөлүнгөн жана алар кийин касталык системанын негизине коюлган. Төмөнкүдөй төрт варна (коомдук катмар) болгон:
1. Брахмандар – дин кызматкерлеринин варнасы. Ага дин кызматкерлери менен кечилдер киришкен.
2. Кшатриялар – аскердик ак сөөктөрдун варнасы. Бул варна аскерлердин жана мурунку уруу бийлигинин өкүлдөрүнөн турган. Кшатрияларга ири жана орто феодалдар киришкен.
3. Вайшьялар – дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин варнасы.
4. Шудралар же «кол тийбестер» – төмөнкү, башкача айтканда өндүргүч күчтөрдүн, көз каранды калктын, кедей-кембагалдардын, мүлксүздөрдүн, жерсиздердин массасы.
Индия Республикасынын Конституциясы (1950 ж.) касталардын тең укуктуулугун жана «кол тийбестердин» юридикалык толук укуктарга ээ экендигин жарыялаган.

2) Каймана мааниде «Каста» деп туюк жамааттарды же топторду аташат.
Мисалы: «дворяндык каста», «офицерлер кастасы» ж. б.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8