Касымбек Эшмамбетов

Википедия дан
Касымбек Эшмамбетов
Туулган датасы:

2 -октябрь 1910(1910-10-02)

Туулган жери:

Пишпек, Кыргыз ССР

Өлгөн датасы:

8 -январь 1984(1984-01-08) (73 жаш)

Өлгөн жери:

Фрунзе шаары

Ишмердүүлүгү:

жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист

Касымбек Эшмамбетов (1910–1984) – кыргыздын ХХ кылымдагы көрүнүктүү жазуучусу, драматург жана котормочу.

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу, драматург жана котормочу Касымбек Эшмамбетов Пишпекке жакын жердеги Орто Алыш айылында 1910-жылы туулган. Фрунзедеги педтехникумга өтүп, аны 1930-жылы бүтүрүп кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында согушка катышып, жарадар болуп кайтат.

К.Эшмамбетовдун чыгармачылык иши техникумда окуп жүргөндө башталып, аңгеме жана макалалары адабий журналга жарыяланып турган. Анын «Жаратылыш сырлары» деген биринчи аңгемеси 1930-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан.

1936-жылы В.Шекспирдин «Гамлет» классикалык чыгармасын, «Отелло», «Король Лир» деген трагедияларын, Островскийдин «Кедейлик кемтик эмес» деген пьесасын, Чеховдун, Горькийдин ж.б. орус жазуучуларынын көп чыгармаларын кыргыз тилине которуп, «Сарынжи» аттуу пьесасын жазган. «Сарынжи» жылдар бою театрлардын сахнасынан түшпөй, орус тилине которулуп, Фрунзе, Красноярск, Иваново ж. б. шаарларда коюлган. «Анар» балетинин либреттосунун да автору К.Эшмамбетов. Согуштан кийин К.Эшмамбетов болгон. Ал «Эгиз бала», «Кара туман», «Таластын мергенчиси» деген пьесаларды, сын макалаларды, рецензияларды жазган.

К.Эшмамбетов 1939-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты менен көркөм өнөрүнө сиңирген эмгеги үчүн К.Эшмамбетов «Ардак белгиси» ордени, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамоталары менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Жаратылыш сырлары: Өспүрүм балдар аңгемеси. – Ф.: Кыргызмамбас, 1930. – 28 б.

Эпкиндүү топ: Чала сабаттуулар үчүн окуу китеби. – Ф.: Кыргызмамбас, 1932. – 71 б.

Эпкиндүү топ. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 71 б.

Апенди. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1933. – 21 б.

Сарынжи. Төрт көшөгөлүү драма. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 80 б.

Адыл. Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 58 б.

Ашым менен Саткын. 1961-жылкы балдар турмушунан. – Ф. – Казан, Кыргызмамбас, 1940. – 46 б.

Бүркүттөр. Мектеп балдары үчүн. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 60 б. (С.Каралаев менен бирге жазган).

Төрт азамат. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.

Адыл. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 60 б.

Кыргыз эл жомоктору. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 176 б. (Д.Сулайманов менен бирге).

Куу түлкү: Жомок. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 24 б.

Жаңы жол: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1959. – 168 б.

Эгиз бала. Пьесалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 216 б.

Чабалекей. Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 16 б.

Эңсегени ушул. Повесть, өспүрүмдөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962. – 135 б.

Кыргыз эл жомогу. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 292 б. (Д. Сулайманов менен бирге).

Бөдөнө менен түлкү: Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Мектеп, 1965. – 15 б.

Аюу жөнүндө аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1966. – 16 б.

Жетимдер. Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1969. – 87 б.

Жаш тилек. Повесть аңгемелер жана жомоктор. (Тестиер жана өспүрүм балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1971. – 446 б.

Орус тилинде

Саринжи: Пьеса. Пьеса в стихах по мотивам киргизского эпоса. – М. – Л.: Искусство, 1939. – 151 с.

Пьесы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 238 с.

Славный животновод Адыл. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 19 с.

Четверо самых смелых: По мотивам киргизских народных сказок – Ф.: Киргизучпедгиз, 1958. – 27 с.

Ласточка. Стихи. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 23 с.

Хитрай лисица: Сказка. – Ф.: Киргизгосиздат, 1959. – 24 с.

Золотой бубенчик. Рассказы. – М: Детская литература, 1959. – 85 с.

Пьесы. Сборник. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1959. – 270 с.

Сказки для детей. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 17 с.

Охотник с беркутом: Рассказы и сказки. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1960. – 96 с.

Сказки киргизского народа. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1961. – 354 с.

Сказки киргизского народа. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1962. – 354 с.

Охотник с беркутом: Рассказы – Ф.: Мектеп, 1963. – 19 с.

Сказки киргизского народа. – Ф.: Киргизучпедгиз, 1965. – 354 с.

Мечта. Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 192 с.

Мечта. Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 207 с.

КОТОРМОЛОРУ

Шекспир В. Гамлет. – Ф.: Кыргызмамбас, 1937. – 122 б.

Гоголь Н.В. Үйлөнүү: Эки кыймылдагы эң укмуштуу окуя. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938.– 44 б.

Шекспир В. Отелло. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 168 б.

Нейман Л.С. Кара бүлөөлөр. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 18 б.

Салтыков-Щедрин М.Е. Акылман чабан. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 19 б.

Салтыков-Щедрин М.Е. Аңгемелер. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 57 б.

Толстой Л.Н. Тамсилдер. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 16 б.

Толстой Л.Н. Кичине балдарга. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1939. – 32 б.

Фурманов Д.А. Кызыл десант. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 31 бет.

Михалков С.Б. Кызыл галстук. 3 акт. 9 сүрөттүү пьеса. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 44 б. (К.Токтомамбетова, Д.Чормонов менен бирге)

Островский A.H. Кедейлик кемтик эмес. – Ф.: Кыргызмамбас,1949. – 46 б.

Симонов К.М. Күн-түнү менен. Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 333 б.

Катаев В.П. Полктун уулу. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 252 б.

Первенцев A.A. Жашынан абийирдүү. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 543 б.

Гоголь Н.В. Өлүк жандар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 263 б.

Салтыков-Щедрин М.Е. Тандалган жомоктор. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 72 б.

Чехов А.П. Аңгемелер жана повесттер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 484 б.

Чехов А.П. Аңгемелер. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1954. – 43 б. (Р. Шүкүрбеков менен бирге).

Николаев Г.Е. Кызыл кырман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 581 б.

Пушкин А.С. Белкиндин повесттери. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 112 б.

Салтыков-Щедрин М.Е. Жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас.1956. – 168 б.

Горький М. Чыгармалар жыйнагы. II том. Повесттери жана аңгемелери. (1900–1905) – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 485 б.

СССР элдеринин жомоктору. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 310 б.

Гарин-Михайловский Н.Г. Теманын бала чагы. Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1959. – 168 б.

Чехов А.П. Чыгармалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 472 б. (С. Бектурсунов менен бирге).

Достоевский Ф.М. Кор болуп, ыза көргөндөр. Жаштар үчүн роман. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960. – 403 б.

Куприн А.И. Беттешүү. Асыл таштуу билерик. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 334 б.

Куприн А.И. Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 172 б.

Шолом-Алейхем. Тевье-молочник. – Ф.: Кыргызстан, 1966. – 170 б.