Катедер-соцализм

Википедия дан

Катедер-соцализм (нем. katheder-sozialismus, katheder – кафедра) – буржуазиялык социализмдин бир түрү. 19-кылымдын 2-жарымында Германияда пайда болгон. Ал университеттердин кафедраларынан капитализмдин тынч жол менен социализмге өсүп чыгышы жөнүндөгү апологетикалык теорияны үгүттөшкөн германиялык буржуазиялык профессорлорду баш коштурган.

Катедер-социализмдин А. Вагнер, Г. Шмоллер, Л. Брентано сыяктуу өкүлдөрү социалисттик фразаларга жашынышып, иш жүзүндө герман буржуазиясынын жана юнкерчиликтин кызыкчылыгын көздөшкөн.

Марксчыл саясий экономиянын бир топ жоболорун катедер-социалисттердин буржуазиялык либерализмдин духунда түшүндүрүшү немис социал-демократиясында ревизионизмдин чыгышына шарт түзгөн.

Катедер-социализмди К. Маркс жана Ф. Энгельс сындаган. В. И. Ленин катедер-социализмдин Орусиядагы “легалдуу марксизм” жана эл аралык ревизионизм менен байланышын ачкан. 20-кылымдын башында катедер-социализмдин бедели бир топ төмөндөгөн. Кийинчерээк анын идеяларын реформизмдин жана саясий реакциянын идеологдору кабыл алышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8