Кемпир-Абад суу сактагычы

Википедия дан

Кемпир-Абад суу сактагычы Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагында жайгашкан суу сактагыч. Өзбекстан аталган объектини "Анжиян суу сактагычы" - деп атайт. Суу сактагычка Кара-Дарыя, Тар, Кара-Кулжа дарыяларынын суулары куят[1]. Объектинин жалпы аянты 4 400 гектар. Ал эми көлөмү — 1,9 куб чакырым[2].

Аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарыхчы топонимист, картограф Темиркул Эшенгуловдун айтымында, мурда суу сактагычтын ордунда тарыхый шаар болгондуктан, аймак географиялык, тарыхый аталышынан улам Кемпир-Рават- деп аталып калган. Бул ошол учурдагы аталышы[2].

Жайгашуусу жана Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалал-Абад облусунун жана Ош облусунун бириккен жеринде, Өзгөн районундагы, Өзбекстан менен болгон чек арада жайгашкан.

Ачык маалымат булактарына таянсак, бул аймакка суу сактагыч Өзбек ССРинин демилгеси менен 1960-жылдары салынып баштап, 1983-жылы бүткөн[3]. Өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевдин (2021-жыл, март) айтымында, кыргыз өкмөтү 1973-жылдары суу сактагычтын курулушу үчүн 5 731 гектар жерди бөлүп берген. Анын ордуна Өзбекстан тарап компенсация катары 4 127 гектар жер берген. Алар Ала-Бука, Аксы, Ноокат, Кадамжай районунда жайгашкан. Ошол келишимде убадаланган 1600 гектар жер 2021-жылкы сүйлөшүүдө алынганы айтылган. Бөрүбаев суу сактагычты эки тарап тең көзөмөлдөп, башкара турганын айтып, эл суу сактагычка малын сугарып, ал жерден балык кармай аларын белгилеген.

Делимитациялоо жана Демаркациялоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан-Өзбекстан мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация 2021-жылдын 23-мартында Өзбекстанга барышкан, 24-25-мартта жыйын болгон. Андагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Камчыбек Ташиев: "Кемпир-Абад суу сактагычынын плотинасы Өзбекстан тарапка өтөт" - деп чечим кабыл алынганын, бирок коңшулар бир нече шартты аткарууга милдеттүү экенин билдирген. Ошондой эле тараптар жер алмашуу боюнча протоколго кол коюшканын маалымдаган.

Мындан улам Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун эли суу сактагычтын айланасынан жер берилбеши керек деген талап менен митингге чыгып, социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси боюнча талкуу башталган. Ташиев эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү менен майнап чыккан эмес. Мындан улам УКМК төрагасы Кемпир-Абад суу сактагычына караштуу жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын айтып, элди тынчыткан[4].

2022-жылдын 26-сентябрында Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келип, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев экөөсү Кыргызстан-Өзбекстан мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу боюнча процедураны баштоого мүмкүндүк берген протоколго кол коюшкан. Анда Ташиев Кыргызстан-Өзбекстан чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия болгонун билдирип, делимитациялоо процесси аяктаганы айтылган. Кийинчерээк министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилгенин билдирген[5]. Андан үч күндөн кийин, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Өзгөн районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатканын билдирип, бийлик башындагылар "жең ичинен барып кол койгондугу өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратууда" деп айткан[6]. . Ошондой эле бул маселе суу сактагычка жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын тынчсыздандырып жатканын айткан.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Узбекистан и Кыргызстан будут совместно управлять Кемпир-Абадским водохранилищем. gazeta.uz. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.  (орусча)
  2. 2.0 2.1 Что известно о Кемпир-Абадском водохранилище — справка. Sputnik Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.  (орусча)
  3. Архивные фотографии — Кемпир-Абадское водохранилище начали строить после письма из Узбекистана. Turmush.kg. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.  (орусча)
  4. Кемпир-Абад Өзбекстанга берилбей турган болду. Super.kg. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  5. Акылбек Жапаров: Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Sputnik Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  6. Мадумаров: чек араны тактоодо "Кемпир-Абад" Өзбекстанга өткөнү айтылууда. Sputnik Kyrgyzstan. Текшерилген күнү 9 -октябрь (тогуздун айы) 2022.