Кийим-кече
Кийим-кече, жоо кийими — жоокерлердин тула боюн же айрым мүчөлөрүн ар кандай согуш куралдарынан коргоочу буюмдардын жалпы аты. "Манас" эпостун башкы каармандарынын образын түзүүдө, алар урунган курал-жарагы, минген аты менен катар согуштук кийимдери да маанилүү роль ойнойт. Борбордук каарман баш болгон эпикалык баатырлардын уруш майданында кийген жоо кийимдеринин бардыгынын энчилүү аты бар. Окуянын мүнөзүнө жараша апыртылып сүрөттөлгөн жоо куралдарынан коргонуучу ал кийимдер укмуштуу: ок өтпөйт, найза тешпейт, отко күйбөйт, сууга чөкпөйт, кылыч кеспейт. Ошондой эле «Манас» эпосунун каармандары Аколпок, Бадана, Соот, Күрөөкө, Туулга, Чарайна, Чопкут сыяктуу жоо кийимдери менен жабдылган. Бул кийимдерди кийген баатырлар магиялык касиетке ээ. Эпостогу Манас баатырдын сыйкырдуулук касиети анын жоо кийимдерине байланыштуу идеализацияланган. Ал Аколпок, Бозкисе, Туулганы кийип, Аккелте, Сырнайза, Зулпукор өңдүү курал-жарактарын асынып, Аккуланы минген учурда адам тик карай албайт. Душманына Манастын сүрү кара чаар кабылан жандай салып камынып, чолок куйрук арстан бир жагынан чамынып, алтымыш кулач ажыдаар астында, алпкаракуш үстүндө алуучудай түрдөнүп көрүнөт. Ал шайланып майданга киргенде каршысындагы жоо кармашып алы жетпеген, жеңе албаган. Элдик баатырлардын бул сыяктуу сыйкырдуу касиеттери дүйнөлүк эпостордо кеңири таралган эпикалык салт. Көпчүлүк элдердин эпосторундагы башкы баатырлардын магиялык касиеттери жоо кийимдерине байланыштырылбастан, алардын денесинин өзүндө душмандын куралын өткөрбөй, ажалдан сактаган кереметтүү касиети болот. Мисалы, гректердин «Илиадасындагы » Ахилл, болгарлардын юнак ырларындагы Момче Секула, осетиндердин нарт эпосундагы Сосруко жана Орто Азия элдериндеги Алпамыштын образындагы магиялык мүнөздөгү жалпылыктар, ал элдин өзүнүн идеал каарманын өлбөс-өчпөс каармандар катары идеализациялоодо бирдей салттык мотивдерди пайдалангандыгын көрсөтөт. Эпикалык башкы каармандардын денесинин жоо куралын өткөрбөөчүлүк касиети эпостун тарыхый өнүгүшүнүн кийинки этаптарында алардын жоо кийимдерине өтүп, алмашылган. Бул көрүнүш жеке эле «Манас» эпосуна мүнөздүү болбостон, Орто Азия жана Казак элинин баатырдык эпосторунда да сакталып, бирдей жалпылыкты түзүп туруктуу стилистикалык формула менен сүрөттөлөт. Аталган элдердин салттарына салыштырганда «Манас» эпосунда жоо кийимдеринин эпикалык сүрөттөлүшү да кеңири планда айтылат. Баатырдын денесине душмандын куралын өткөрбөй ажалдан сактаган бул типтеги кийим дүйнө эпосторунда кеңири белгилүү мотивдердин бири — каармандын денесинин магиялык касиетке ээ болушунун жумшартылган түрү экенин биринчи жолу академик В. М. Жирмунский Манастын ок өтпөс Аколпогуна байланыштуу белгиленген эле. Жоо куралдарын өткөрбөөчү кийим казак элинин «Кобланды» эпосунун терс каарманы, калмак каны Кобыктыда да болгондугу айтылат. «Чоң казаттагы» согуш учурунда Каныкейдин жасаган соот-чопкут, жоо-жарактардын, дарылардын жана камдаган күл азыктын мааниси, негизги сапаттары, аларды пайдаланган кырк чоронун каармандык иш-аракети аркылуу ачылат. Эпостун «Семетей» бөлүгүндө Манас баатырдын жоо кийимдери (тытылган Аколпок оңдолуп мурунку калыбына келтирилет) атадан балага мурас катары өткөн кийим катары баяндалат. «Манас» эпосундагыдай эле «Семетейде» Семетейдин образынын магиялык касиети атасынан калган жоо кийимдеринин сыйкырдуулугуна байланыштырылып түшүндүрүлөт. "Манас" эпосунда жоо кийимдин сыйкыры, курал-жарактардын керемети, Тайбуурулдун тулпардык касиетинин күчтүүлүгү менен бирдикте берилген. Семетей Аколпок, Туулга, Бозкисе өңдүү согуштук кийимдерди кийип, курал-жарактарды асынып, Тайбуурулду минип жүргөндө атасы Манастай найза тешпес, ок өтпөс, кылыч кеспес баатырдын образын элестетет. Качан ал Тайбуурулду, Аколпокту тартууга берип, алардан ажыраганда анын баатырдык кайраты, сыйкырдуу керемети качкандай көрүнөт. Үчилтиктин жыйынтыктоочу бөлүгү «Сейтекте» борбордук каармандардын жоо кийимдери рационализацияланган түрдө сүрөттөлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4