Кой союп, устукан тартуу

Википедия дан

Кой союп, устукан тартуу ата-бабабыздан калган салт, үрп-адаттар акыркы учурларда унутта калып бара жаткансыйт. Заман өзгөрүп, доор алмашкан сайын өзүбүздү заманбап адам катары көрсөткүбүз келгени жашыруун эмес. Улуу адамдардын «Жаштар эч нерсени билбей калды, кыргыз элинин нукура салттары ушинтип эле унутта калабы» деп кейиштүү айткан кептерин кулак сыртынан кетирип жатканыбыз анык. Конок келсе кой союп сыйлоо биздин ата-бабабыздан калган жакшы жөрөлгөлөрдүн бири. Азыркы заманда акчаң болсо баары даяр, конок тосо турган болсоң мал базарга барып ошол эле жерден алган малыңды сойдуруп, жиликтетип, ал тургай ичеги-карынын жуудуруп алып келсең болот. Бирок эр жигиттин кой союп аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбегени уят катары каралаарын эске салып касапчы боло албаса да анын эрежелерин биле жүрсүн дедик.

Койду мууздоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Койду соер алдында ичеги-карындары тазараак болуш үчүн аны бир нече саатка ачка коюш керек. Сое турган бычактар курч болууга тийиш. Мокок бычак менен койду союу куранда күнөө деп саналат. Алгач койду кыбыла тарапка каратып бата кылынып, тилектер айтылат. Келме келтирип буттары таңылган койду омурткага чейин мууздаган соң каны толук агып бүткүчө күтө туруу керек. Андан кийин моюн сөөгү ажыратылып, жүлүнү кесилет. Кой жүлүнү үзүлгөндөн кийин гана толук жан берет. Эми койдун этин териден ажыратууга болот.

Терисин сыйруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач койдун төрт шыйрагы муундарынан кесип салынат. Алдыңкы буттарынын терисин ички капталынан тарта төштүн учун карай тилүү керек. Арткы буттары да ошондой ыкма менен табарсыкка карай тилинет. Андан кийин курсак терисин тең экиге бөлүп, этти териден бошотуу башталат. Төшүндөгү терисин бычак менен ажыратып, төштүн оң тарабынан тартып муштум менен жирөө керек. Азыркы учурда малдын терисин сыйруунун дагы бир жеңил жолун таап алышкан. Койду мууздагандан кийин бут терисинин ыңгайлуу бир жерин тешип, ал жерден жел үйлөгүч аркылуу тери менен эттин ортосуна жел толтурушат. Бул теринин бат сыйрылышына шарт түзөт экен.

Ичеги-карынды алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Койдун ичеги-карындарын бөлүп алуу үчүн алгач кабыргалардын учу төштөн ажыратылат.Андан соң башкы эки кабырга өзүнчө, кийинки беш кабырга өзүнчө кесилет.Төштү курсак эттери менен чогуу алып коюу керек. Башкы эки кабырганы сөгүп, койдун ичине кол салып, этияттык менен карын эттерин кесүү керек.Төштү жана кабыргаларды өзүнчө алып алган соң койдун кызыл өңгөчүн кекиртектен сууруйт.Кызыл өңгөчтү карынга кошулган жерине бир карыш жеткизбей кесип алып, карындын учун түйүп коет. Андан кийин жоон ичеги кесилет да чоң чарага баарын чыгарып ичеги жыдып кетпес үчүн үстүнө муздак суу куюп коюш керек. Андан кийин өтө кылдаттык менен боордон өттү кесип алуу керек. Эгер өт жарылып кетсе андагы уулуу заттар этке тарап, эт зыяндуу жана ачуу болуп калышы мүмкүн. Кезекте өпкө, жүрөктү эттен бөлүп алуу турат. Койдун тулкусунан төшү, өпкө-жүрөгү, ичеги-карды алынып салынган соң андан ары туура жиликтөө кажет.

Жиликтөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башты, төштү, кабыргаларды, ичегилерди койдун тулкусунан алып салгандан кийин койду жиликтөөгө кезек келди. Туура жиликтөө да чеберчиликти талап кылат. Койдун арткы буттарынан алгач жото жилик бөлүнүп алынат. Бул жиликке кашка жиликти бойлой кеткен эттин жарымы калтырылат. Андан соң кашка жилик жамбаштан бөлүнүп алынат. Демек, койдун бул саны үчкө: жото жилик, кашка жилик жана жамбашка ажыратылат. Экинчи саны да ушундай жол менен үч жиликке бөлүнөт. Алдыңкы бутту бөлүштүрүүгө келсек мында алгач кар жиликке этти көбүрөөк калтырып, күң жиликтен ажыратып алып андан кийин күң жиликти далыдан ажыратып алыш керек. Демек, койдун алдыңкы буту да үчкө: кар жилик, күң жилик, далыга бөлүнөт. Жалпысынан бардыгы болуп эки алдыңкы буттан жана эки арткы санынан 12 жилик чыгат. Андан кийин узунунан кеткен омуртканы моюнга, аркага, куймулчакка бөлөт. Кой сойгондун аягында башын жана шыйрактарын куйкалайт. Оңой куйкалоо үчүн баш-шыйрактын жүнүн кыска кылып кыркып алуу керек.

Эт бышыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казан асуу - эт салуу дегенди түшүндүрөт. Казанга суу куюлуп алгач кар жилик салынып андан соң алп жиликтер түшөт. Карчыга, төш үстүнө көмкөрүлүп аягында баш салынат. Айрым аймактарда кар жиликтен мурун башты салышат. Эт салынаар менен туз кошулуп казандын капкагын жабуу керек. Эт көөп казан кайнаганда чий көбүгүн таратпай таза алуу зарыл. Эт бир кайнагандан кийин аны үбөлүк, депкир менен аярлап оодарат. Эттин сорпосун бат-бат сапырып турса даамдуу болот. Өтө эзилте кайн атпоо керек, берекеси жок болуп калат.

Табак тартуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Табак тартуунун да өзүнчө мадантияты бар. Жандык сойгондо жамбаш, куймулчак,жото жилик, кашка жилик, каржилик, далы катары менен өзүнчө мааниге ээ болот. Улуулата жамбашты аксакал алса, куймулчак байбичеге таандык. Андан кийинки сакалдуу адамга жото жилик(чүкөлүү жилик), кийинкиге кашка жилик туура келет. Кар жилик жолдош жилик деп саналат. Кабырга да улук деп эсептелет. Чүй, Талас, Ош тарапта баш аксакалына тартылса, Ысык-Көл, Нарын тарапта жаштарга тартылат.

Эт тууроо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элинен башка улуттарда эт тууроону каракалпактарда, түркмөндөрдө, башкырларда жана өзбектерде кездештирүүгө болот. Этти майда тууроо - карыяларды сыйлоо. Куш тилиндей майда туурап, чык кошуп аралаштырып жегиликтүү кылуу - "наарын", "тууралган эт" же "бешбармак" деп аталат. Каракалпактарда "туурама (турама)", өзбектерде "нарын (норин)" деп аталат.

Колго суу куюу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адатта эт тартылаар алдында колго эркек баланын суу куюусу шарт. Суулукту сол ийинге илип, чылапчынды четинен кармап жылымык суусу бар кумганды оң колго кармап солдон оңду карай суу куюп чыгат. Эт желип, бата тиленип бүткөндөн соң ыкчамдатылган суу оңдон солду көздөй аяк өйдө куюлат. Балага суу куйдуруу салт. Анда конокту сыйлоо адеби жатат. Мындан бала улуулардын батасын, тарбиясын алат. Бүгүнкү күндө каада-салтыбыз канчалык деңгээлде колдонулуп келе жатканына көңүл буруп, анын орду кандай экенин билүү максатында айрым адамдарга собол салып көрдүк.

- «Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты» деген сөздүн маанисин кантип чечмелейт элеңиз? Садык Шернияз: - Кыргыздар илгертеден кой союп, аксакалдарды, конокторду сыйлап келген меймандос элбиз. Ар кай жакта ар кандай тартылат экен, мен Таласта төрөлүп өскөндүктөн ошол жактын салты менен айтайын, улуусуна баш, жамбаш, чүкөлүү жилик кылып ирээти менен тартылат. Атайын кой союп туруп төш тартып койгон уят да. Ал эми жогорудагы эле сөздүн каймана маанисин ар кандай колдонсо болот. Мисалы, атайын чакырып алып жайсыз жерге отургузуп койсоң, же уюштуруу ишинен чекилик кетирсең түз эле ошол сөзгө барып такалат.

- Жигитке таандык жетимиш өнөрдүн бири кой союп, эт устукандоого эптүүсүзбү? Дүйшөн Байдөбөтов: - Бала кезимде мал менен эле чоңойгом, бирок кийин окуп-чокуп жүрүп мал сойгондон алыстап кеттим. Өмүрүмдө бир гана жолу – балам аскерден келгенде ырым кылып кой сойгом. Ал эми үйгө конок келгенде эт тартып, устукандоону эптештирем.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]