1.1
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калкынын жалпы саны 58 миллионго жакын адамды түзөт (2022). Алардын 34 миллиону Өзбекстанда, 10 миллиону Тажикстанда, 7 миллиону Кыргызстанда, 7 миллионго жакыны Түркмөнстанда жашайт. Салыштыруу үчүн, Түштүк Азияда 1,78 миллиард адам, Чыгыш Азияда 1,64 миллиард адам, Түштүк-Чыгыш Азияда 0,64 миллиард адам, Батыш Азияда 370 миллионго жакын адам жашайт.Борбордук Азиянын калкынын негизги бөлүгүн түрк тилдеринде сүйлөгөн түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү (кыргыздар, өзбектер, түркмөндөр, каракалпактар, казактар) түзөт. Тажиктер жана памир элдери иран элдеринин өкүлдөрү. Тажик тили перс тилине абдан жакын. Революцияга чейинки жана совет доорунда көчүп келип, сүргүнгө айдалган элдер да бар. Алардын ичинен азыркы учурда эң көп сандагандары: орустар, уйгурлар, дунгандар, украиндер, татарлар, корейлер, түрктөр, немистер, армяндар, азербайжандар жана башка улуттардын өкүлдөрү.Борбордук Азиянын түпкү калкы — казактар, кыргыздар, өзбектер, тажиктер, түркмөндөр, каракалпактар, орто азиялык арабдар, орто азиялык перстер, памирликтер, бухар еврейлери. Өзбектердин, тажиктердин жана бухаралык еврейлердин негизги бөлүгү кол өнөрчүлүк жана соода өнүккөн шаарларда отурукташкан жашоо образын өткөрүшкөн; айыл тургундары сугат дыйканчылыгы жана багбанчылык, анын ичинде оазис түрү менен алектенишкен. Салт боюнча казактардын, каракалпактардын, түркмөндөрдүн жана кыргыздардын негизги бөлүгү мал чарбачылыгы менен байланышкан, ошондуктан көчмөн же жарым көчмөн жашоо образын өткөрүшкөн, бирок 20-кылымда бул элдердин баары отурукташкан жашоого өтүшкон.