Компост

Википедия дан
Компост.

Компост (латынча compositus – үлүштүү) – түрдүү органикалык заттардын аралашмасынын микроорганизмдердин таасири менен чиришинен алынган жер семирткич. Компосттоо үчүн шакел, чым көң, кык, чыла, таштандылар пайдаланылат Компост семирткичте сиңимдүү азык заттар (азот, фосфор, калий ж. б.) көбөйүп, илдет пайда кылуучу микрофлора менен гельминттен зыянсыздандырылат, целлюлоза, гемицеллюлоза жана пектин заттары азайып, жер семирткичтин физикалык касиети жакшырат. Компосттун чым көңкык, чым көң-чыла, кык-фосфорит, кык-суперфосфат сыяктуу бир нече түрү бар. Шаар таштандыларынан да Компост даярдоого болот. Компост бардык эгилме өсүмдүк үчүн түрдүү топуракта (гектарына 15–40 т) колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]