Коңурбайдын кыргыздарга кол салышы
Коңурбайдын кыргыздарга кол салышы — «Кичи чабуул» («Кичи казат») бөлүмүндөгү окуялардын чечүүчү учуру.
Манастын Мекеге кеткенин уккан Коңурбай кыргыздарды чаап алмак болуп аттанат. Мыскалдан кат алган Бакай кытайлардын душмандык оюн билип, жакын көчүп келип алдык (эл Манас Мекеге кетерден мурда эле Алтайга көчүп келген), бейкапар жатып алдырып койбойлу деп кырк жигитке келип кеңешип, кол жыйып камданышат. Кытайлардын кабарын уккан эл үркөт. Мекеден кайра келе жаткан Манас үрккөн элдин алдынан чыгат. Абыке баштаган кыргыздын колу аздык кылып, такат бере албай качканы турганда Манас келип, согушка аралашат. Катуу согуш болуп, кытайдан өтө көп адам кыргынга учурайт. Мыскал адам жиберип, Алмамбетти чакыртып, атасынан үч ай согушту токтото турууну суранат. Согуш токтоп, Мыскал Алмамбетке жолугат.
Окуя Радлов жазып алган вариантта эскерилбейт. Саякбай Каралаевдин вариантында Ажыбай сайган найзадан жарадар болуп, кырк күн жатып айыгып, элине кошулган Коңурбай Манасты жайлап салдым деп туш-тушка кабар берип, кол жыйып, Чет-Бээжинди курчап калат. Кытайлар кол саларын билип күн мурун даярданып белен турган кыргыз кошуну каршы чыгып, согуш башталат. Кандуу согуш болуп, кытайлар кырылганына карабай улам өмөлүп каптап, көптүгүнө салып Алмамбет, Чубак, Сыргак баш болуп урушуп жүргөн кыргыз баатырларынын шайын кетиришет. Баатырлар кеңеш куруп эл бекер кырылбасын деп кошунга элге кетүүгө уруксат берип, өзүлөрү артта калып, жоонун жолун бууп, тос-тос кылып урушуп жүрүштү. Эл узап кеткенде ит урушун салып, баатырлар өзүлөрү да кошундун артынан жөнөштү. Күн-түн жок тынымсыз согушуп жүрүп олтуруп, мурда Манас келип токтоп жаткан жайга жетишти. Кийин келген кошунду да ошол жерге токтотуп, Манас баатырларды күтүп жаткан экен. Үч баатыр баш болгон кырк чоро Манас баатырга келип кошулуп, аман-эсен учурашышты.
Манас жарадар болгондон кийин кытайлар каптап кирип, катуу согуш болушу, кыргыз колу жерине бет алып, артынан келген душман менен урушуп жүрүп отурушу көпчүлүк белгилүү манасчылардын варианттарында бар. Айрым өзгөчөлүктөрү менен окуя Саякбай Каралаевдин вариантына жакын айтылат.
Баатырлардын курман болуп, Аккуланын окко учушу — бөлүмдөгү окуялардын жана жалпы эле эпостун сюжетинин чечилүүгө бет алышы.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4