Криворучко Виталий Павлович
Криворучко Виталий Павлович (1937-жылы туулган, Өзбекстан, Фергана шаары) – биология илимдеринин доктору (1998), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (2000). Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн (1965). «Кыргызгипрозем» долбоорлоо интунда техник-геоботаник, 1966–84-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын Ботаника багында лаборант, кенже, улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы, 1984-жылдан директордун орун басары, 1994–2001-жылдары директору болуп иштеген. 2002-жылдан Россия Федерациясында жашайт. Ботаника, өсүмдүк физиологиясы, мөмө өсүмдүктөрүнүн интродукциясы жана селекциясы боюнча адис. 70тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы бар.
Эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Морфо-физиологические особенности с объемной и плоской кроной в Чуйской долине. Ф., 1975;
- Рекомендация по интенсификации садоводства Киргизской ССР (в соавторстве). Ф., 1979.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|