Кубик Рубик

Википедия дан
Кубик Рубик
Сыйкырдуу Кубик
bűvös kocka
Негиги маалыматтар
Башка аталыштары

Рубиктин Кубиги

Түрү

Айкалыш баш-катырма

Ойлоп чыгарган

Эрнё Рубик

Чыгарылган жылы

1974-жыл

Компаниясы

Rubiks Brand Ltd

Өлкөсү

 Венгрия

Активдүүлүгү

1974 — азыркы учурда

Жүрүш ыкмасы

20 ход

Формасы

Куб

Окшош оюндар

Мегаминкс, Александер жылдызы

rubiks.com
Кубик Рубик Уикиказынада

Рубик Кубик (маж. bűvös kocka — Алгачкы жолу «Сыйкырдуу Кубик» аталышы менен белгилүү болгон) — Логикалык баш-атыруучу оюнчук.1974-жылы Венгриялык профессор Эрнё Рубик тарабынан иштелип чыккан

Рубик Кубиктин алты жагында тогуз кичинекей кубиктер өз-ара байланыштырылып орнолгон.Ар бир кичине кубик бир түстө болот. Оюндун максаты — Рубик Кубинин ар бир бетин окшош бир түскө келтирүү зарыл.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөгө эң кеңири таралган баш катырма оюнчук 1974-жылы венгриялык профессор Эрнё Рубик тарабынан иштелип чыккан. Рубик Будапешт академиясынын интерьер дизайны факультетинде студенттерге сабак берген. Ал бул оюнчукту студенттерге теманы түшүндүрүү үчүн гана жасап, алгач аны окуу куралы катары пайдаланган. Бул окуу куралын жасоо менен бир айдай баш катырган автор үчүн баарынан оору ортосундагы башталгыч механизмди жасап чыгуу болгон. Ошентсе да талыкпас эмгектин натыйжасында бардыгын өздөштүрүп, бир жыл өтпөй расмий түрдө өзүнө каттатып патент алууга жетишкен. 1980-жылы автор бул табылгасынын арты менен миллионерлердин катарына кошулган. Анткени лицензиясын Ideal Toy Corporation компаниясы көп суммадагы акчага сатып алган да, “Рубиктин кубиги” деген атты дал ушул компания ыйгарган. Ошондон кийин Батыштын бардык өлкөлөрүнө тарап, 100 миллиондон ашык кубик расмий түрдө сатылган. Бирок көп өтпөй эле бул баш катырманын популярдуулугу төмөндөп, сатыкка аз чыга баштаганда Seven Towns фирмасы сатып алып кайра жандандырууга жетишкен. Кубик Рубик баш болгон баш катырмалар аталган компаниянын карамагында расмий түрдө бүгүнкү күндө да чыгарылып жатат. Ал эми Эрнё Рубик алгачкы сыйлыгын 1980-жылы «Эң мыкты ойлоп табуучулук» деген аталышта АКШ, Улуу Британия, Германия, Францияда өткөн сынактардын жыйынтыгы менен алган. Учурда Эрнё жубайы жана төрт баласы менен Будапешттин четиндеги райондордун биринде жашайт.

Кубик Рубик тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубик Рубикти чогултуу менен алектенген, аны мыкты өздөштүргөн адамдарды [спидкуберлер деп аташат. Ал эми өтө тездик менен чогултуу өнөрү спидкубинг деп аталат. Ар ким ар кандай ыкма менен чогултса да бүгүнкү күндө Жессика Фридрихтин ыкмасы өтө тез деп эсептелет. Кубикти чогултуу мелдеши расмий түрдө жыл сайын Бүткүл дүйнөлүк кубик ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, дүйнө жүзүндөгү акылдуу, шамдагай адамдардын башын бириктирип келет. Мелдештин алдында атайын эрежелерге ылайык, катышуучуларга кубиктер бирдей чаржайыт абалда берилет. Ким баарынан тез чогултса, ошол жеңишке жетишет. Сынактын жүрүшүндө көзүн таңып алып чогулткандар да бар.

Рекорддук мониторинге көз чаптырсак, классикалык кубикти (3х3х3) чогултуу боюнча 2018-жылдын 24-декабрында өткөн Кытай мелдеште Yusheng Du 3,47 секундда чогултуп рекорд койгон. Мындай рекорддор дүйнө жүзү боюнча миңдеп саналса дагы Бүткүл дүйнөлүк кубик ассоциациясынын көзөмөлүндө өтпөгөн мелдештер расмий түрдө катталбайт.

Кубиктин пайдалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кубик Рубик жөн гана оюнчук эмес, баш катырма экенин билебиз. Ал эми баш катырмалар ар дайым мээ жана башка органдар үчүн пайдалуу деп эсептелинет. Кээ бирлери Кубик Рубик атайын формула менен чогултулгандыктан анын эч кандай пайдасы жок деп эсептешет. Бирок ал:

1. Логиканы, акыл-эсти өстүрүүчү күчкө ээ. Бул баш катырма менен кичинесинен бери алектенген, ага кызыккан адамдардын эс тутуму, ой жүгүртүүсү башкалардыкына караганда кыйла күчтүү болору практика жүзүндө далилденген.


2. Кубикти көп чогулткан адам ойлонуу, эстөө, кыймыл-аракет сыяктуу бир нече функцияны бир эле убакытта аткара алат. Мындан сырткары кубиктин көп түрүн чогулткан адамдар адам аттарын, телефон номерлерин жаттоодо, белгилүү даталарды эстөөдө кыйналышпайт.


3. Мээни эс алдырып, ойду бир жерге топтоого жардам берет. Байкоочулукту күчөтөт, адам майда-барат нерселерге да маани берип, өтө байкагыч боло баштайт.


4. Кубик Рубикти ылдамдык менен чогултууда кийинки формуланы эстөө, кайсы алгоритмди колдонуу керек деген сыяктуу ойлор пайда болуп, аларды тез арада пайдалануу керек болот. Мындан улам бала чоңойгондо ар кандай кыйын кырдаалдарда керектүү чечимди тез кабыл ала билүүгө калыптанат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]