Кусейин Исаев

Википедия дан
Кусейин Исаев (1937--2023).


Кусейин Исаев (07.09.1937, Ысык-Көл району, Бостери айылы--31.3.2023, Бишкек) - кыргызстандык таанымал социолог, саясат таануучу, философ.

Кыргыз Республикасынын эл мугалими, философия илимдеринин доктору, профессор, Орусия Федерациясынын Социалдык академиясынын жана Гуманитардык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын билимге эмгек сиңирген кызматкери, Кыргызстан жаштар уюмунун сыйлыгынын ээси.

Кыскача өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусейин Исаев 1937-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Бостери айылында туулган. Теги - кыргыз, уруусу - көлдүк саяктардан.

Атасы Иса ошол чөлкөмдөн чыккан алгачкы ветеринардык адис эле, бирок ал Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгон. Атасынын элеси эсинде анча-мынча эле калыптыр, жада калса сүрөтү жок артында.
Апасы Болду балтыр эти ката элек беш бала менен жесир калып, Исанын үй-бүлөсү замандын запкысын, жокчулуктун жонун катуу тартат.

К.Исаевдин тунгуч макаласы окуучу кезде 1952-жылы “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланган. Кийин студент кезинен баштап ал “Ленинчил жаш” гезитинин туруктуу авторуна айланган.

Кусейин айылдагы толук эмес орто мектепти биринчилерден болуп алтын медал менен аяктады. Ошентип кыл муруту чыгып, кыялы учуп турган Кусеин айылдан алган билимин алыска барып улантам деп апасынын батасын алып, түйүп берген жол азыгын артынып, андагы Фрунзедеги №5-мектепке жол тартат. Ал 1953-жылдын жайы болучу.
Кусеин Исаев 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы КУУнун) экономика факультетине кирет.

Шаарга келгенде орус тилинен кыйналгандыктан, күнү-түнү ушул тилди окуду. Орустун улуу адамдарынын, жазуучуларынын чыгармаларын жаттаган учурлары көп болгон.

Ал университеттин (КУУнун) олуттуу иштерине жигердүү катышып, илимге кызыккан көрөңгөсү, келечектүү дарамети бар экени билинип, ал учурдагы профессорлордун оозуна алынган.
К.Исаев 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин артыкчылык менен аяктаган соң, өзү окуган факультетине окутуучу болуп иштөөгө жолдомо алат.

Кусейин Исаев 1964-1967-жылдары Москва шаарында СССР Илимдер Академиясынын Экономика институтунда күндүзгү аспирантурада окуган.

Ал Кыргызстандын айыл-чарба экономикасы боюнча кандидаттык диссертациясын иаяктаган. Экономика боюнча бул кандидаттык диссертациясын жактап жатканда москвалык 20 профессор, академиктер 30 жаштагы Кусеинди беш саат “эзишкен”. Мына ошондой оор сыноодон да татыктуу чыгып, анын илимий иши мыкты деп деп бааланат.

1983-жылы ал СССР Илимдер Академиясынын Философия институтунда Кыргызстан айылдарынын өнүгүүсү боюнча докторлук диссертациясын коргогон.

1983-жылдан тартып Кусейин Исаев дүйнөлүк социологияны өз мекенинде институционалдаштыруу максатында жан үрөп эмгектенип келди.

Ар түрдүү саясий күчтөрдүн, режимдердин социология илимин “саясий сойкуга” айландыргысы келген аракеттерин таш каптырып, анын академиялык илимий статусун сактап кала алды.

Бүгүнкү күндө социология Кыргызстандын дээрлик бардык жогорку окуу жайларында окутулуп, илим, кесип катары өз ордун тапты.

К.Исаев буркан-шаркан коомдук жашоого да жуурулушуп, Кыргызстандын азаттык жылдарынын ирегесиндеги КДКнын, эгемендиктин алгачкы маалындагы Адам укугун коргоо комитетинин мүчөсү болгон.
Ал эгемендик доорунда Президенттин алдындагы улуттук тил комиссиясынын мүчөсү, “ЭлТР” коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешинин төрагасы, өлкөбүздүн тарыхындагы бурулуш окуялар – 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптардын илимий теоретиги, чындыктын айныгыс жарчысы болуп калды.

К.Исаев 2023-жылы 31-мартта Бишкек шаарында оорунун айынан каза болду. Анны сөөгү 1-апрелде Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилмекчи. [1]

Аалымдын жасаган иштери, илимий көрөңгөсү, орошон ойлору өз доору үчүн гана эмес, келечек муундун да акыл азыгы болору шексиз.

Илимий жана айдыңдык ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусейин Исаев 20дан ашык китеп болуп басылып чыккан олуттуу илимий эмгектерди, 250дөн ашуун илимий, курч публицистикалык макалаларды жарыялаган.

Ал элүү жылдан ашык өмүрүн Кыргызстандагы билим берүү системасына арнап, кафедра башчысы, доцент, профессор кызматтарын аркалап, илим менен эриш-аркак коомдук турмуштун да жигердүү катышуучусу болгон. Атап айтканда Кыргыз мамлекеттик университети менен 13 жылдык өмүр жолун байлап, мугалим, ага мугалим, ошондой эле университеттин комсомол комитетинин катчысы (1959-1963-жж.), партиялык комитеттин катчысы (1968-ж.) кызматтарында эмгектенген.
Билимге, илимге болгон көксөөсү суубай төрт жыл ичинде М.Ломоносов атындагы Москва университетинде 5 айдан 5 жолу кесиптик адистигин жогорулатканга жетишкен (1970-1990-жж.).

Ал СССРдин Европа-Азия мейкиндигинде жайгашкан ири 20 шаарларында илимий теориялык конференцияларда баяндамаларды (докладдарды) жасаган.

Ал демография илиминин да көрүнүктүү адиси болуу менен Кыргыз Республикасынын жана облустарынын энциклопедияларында калкка арналган атайын макалаларды жазган. СССРде айыл социологиясын түптөгөндөрдүн көрүнүктүү өкүлү болуп эсептелет.

Ал Фрунзе политехникалык институтунда (азыркы Техникалык университетте) 25 жыл өмүрүн кечирип кафедра башчысы, доцент, процессор, коомдук башталыштагы парткомдун катчысынын туруктуу орун басары болгон. Бул жогорку окуу жайында социологиялык илимий-изилдөө лабораториясын (1983-ж.), “Социология жана инженердик психология” кафедрасын уюштурган.


Ал көчмөн кыргыздардын заманбап мууну инженердик ойлонууга, инженердик кесипке толук жөндөмдүүлүгүн теориялык жана тажрыйбалык жактан ырастап, жаштарды ар дайым намыстуулукка, мекенчилдикке тарбиялап келди. Ал эми айылдык кыргыз жаштарынын шаардын шартына адаптацияланып, индустриалдык эмгекке көнүшү тууралуу олуттуу социологиялык изилдөөнүн жыйынтыктары Кыргызстан жаштар уюмунун сыйлыгына татыган (1991-ж.).


Кусейин Исаев Кыргызстанда “Коммунист” журналынын редакция мүчөсү (1978-жылдан баштап), Борбордогу коомдук илим мугалимдеринин туруктуу семинарынын жетекчиси, Билим берүү министрлигинин редакциялык басма кеңешинин башчысы, республиканын “Билим коомунун” президиум мүчөсү, СССРдин Жогорку жана орто билим министрлигинин коомдук илимдер башкармасынын президиумунун мүчөсү, Бүткүл союздук “Билим коомунун” башкарма мүчөсү сыяктуу милдеттерди аткарган.

Ал советтик социология ассоциациясынын бир нече жолу башкарма мүчөсү болуп шайланган (1987-1991-жж.).

Ал СССР Министрлер Советинде социалдык эксперт милдетин аткарган.

Ал Казакстанда (Алма-Ата, 1988-1991-жж.), Түркстанда (1991-1993-жж.), Орто Азия боюнча социологиядан докторлук, кандидаттык диссертацияларды коргоо кеңешинде мүчө болуп, Борбордук Азия республикалары үчүн илимий кадрларды даярдоого орчундуу салымын кошкон.

Мударис Кусейин Исаев 1993-жылдан тартып Бишкек гуманитардык университетиндеги жемиштүү эмгегинин натыйжасында “Социология жана башкаруу” (Москва, Санкт-Петербург университеттеринин мыкты окуу программаларынын негизинде), аны менен катар мезгил өзү талап эткен “Саясат таануу”, “Социалдык кызмат”, “Мамлекеттик кызмат” факультеттерин, аспирантура, докторантура түзүмдөрүн ачты. Декандык кызматты ак дили менен аткарды. Студенттерге социологиялык атайын адабияттын жетишсиздигин эске алып, университеттин китепканасына жеке китепканасынан 1500дөн ашуун китептерди, журналдарды белекке тартуу кылды.

1999-2002-жылдары ал Орто Азия Америка университетинде профессорлук кызматта болду. Ушул жана башка бир далай аракеттердин жыйынтыгында Кыргызстанда социология илим жана перспективалуу кесип катары калыптанып, учурда алга карай ишенимдүү кадамын шилтөөдө.

Эл аралык илимий алакалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мударис Кусейин Исаев бир нече жылдардан бери кыргыз социологиялык дүйнө таанымын эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп келди.

1997-жылдан бери ал Бүткүл Дүйнөлүк Социология Ассоциациясынын, Евразия, КМШ, Түрк мамлекеттеринин социология коомдорунун толук кандуу мүчөсү болду.

Ал илимий баяндамалары менен Социологиялык дүйнөлүк конгресстерде: 1997-жылы Сеулда (Түштүк Корея), 1998-жылы Монреалда (Канада), 2002-жылы Брисбенде (Австралия), 2004-жылы Пекинде (Кытай), 2006-жылы Дурбанда (Түштүк Африка Республикасы), ошондой эле Европа мамлекеттеринде, Орусияда, Түркияда өткөн эл аралык илимий конференцияларда чыгып сүйлөп, ааламдашуу, цивилизациялардын баарлашуу, өз ара ширелишүү заманындагы Кыргызстандын орду, социалдык өнүгүү маселелери тууралуу дүйнө мамлекеттерине жар салып келди.


Ал эми 2005-жылы Кожоэли шаарында (Түркия) Түрк дүйнөсүнүн социология бирикмеси түзүлүп, анын жигердүү демилгечисинин бири Кусейин Исаев болду.

Ошол эле жылы планетанын батышы менен чыгышынан 9 мамлекеттин өкүлдөрү менен бирдикте ал “Европа стратегиялык сурамжылоо борборунун” түзүүчүсү болду. Анын штабы Улуу Британиянын Аберден университетинде жайгашкан.

Ал эми социологиянын дүйнөлүк борбору болгон Америка Кошмо Штаттарынын Биография институту профессор Кусейин Исаевди бир нече жолу – 2001-жылы, 2004-жылы жана 2006-жылы “Жылдын адамы” деп жарыялашы анын дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркынын айкын далили болгон.

Социология устатынын мектеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кусейин Исаев элдик билим берүү системасына жарым кылымдан ашык өмүрүн арнап келди.

Ал чейрек кылым ичинде 30дан ашык илимдин кандидаттарын, 6 илимдин докторун даярдап, илимдин даңгыр жолуна чыгарды.

Алар анын ишин татыктуу улантып, кыргыз илиминин пайдубалын бекемдешүүдө.

Мударис Кусейин Исаев 2002-жылдан бери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде эмгектенип, өзү түптөгөн “Социология” бөлүмүнө өмүрүнүн акырына чейин башчылык кылды.

Ал дүйнөлүк социология илимин кыргызча сүйлөтүп, кыргыз жаштарынын кыртышына сиңирип, кыргыз коомунун бүгүнкүсүн, эртеңкисин иликтеген чебер талдоочу, өз элин, жерин, тилин сүйгөн мекенчи, кыргызчы мударис, устат деген жогорку даражага толук татыктуу болду.

Айрым шакирттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сыргабаев Самарбек Бердибекович, социология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу;
  • Сейитбаев Бакыт Турарович, саясий илимдердин кандидаты, БГУнун Саясат таануу кафедрасынын башчысы;
  • Малтабаров Бакыт Амирович, социология илимдеринин кандидаты, БГУнун Социология кафедрасынын башчысы;
  • Шаршембиева Таалай Султановна, социология илимдеринин кандидаты, “Манас” КТУнун ага окутуучусу.
  • Орунбеков Бакыт, саясат таануу илимдеринин кандидаты


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Ысык-Көл облусу: энциклопедия. Бишкек? 1994.
  • Акунов, Аалыбек. Кыргызстан эгемендик доорунда (1991–2021) / Жооптуу ред. проф. Т.К.Чоротегин. – 2-бас, тол. ж-а оңд. – Бишкек, “Калем” басмасы, 2021. – 1040 бет, жадыбал., сүрөт., карталар. – ISBN 978-9967-9308-7-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.azattyk.org/a/kusein-isaev---kyrgyz-sotsiologiyasynyn-atasy-mekenchil-mudaris-ele/32343489.html