Кутманалиев, Ажыке

Википедия дан

Кутманалиев Ажыке (1919, Бишкек уезди, Чүй бөлүшү (азыркы Чүй ооданы), Он бир-Жылга айылы-1982, Бишкек) — ички иштер кызматынын генерал-майору (1970).

1944-жылдан КБКП мүчөсү. 1938-жылы Токмок жумушчулар факультетинин 2 курсун, 1942-жылы Фрунзе институтунун бүткөн.
1946-47-жылы Кыргыз КСР тышкы иштер министринин орун басарына жардамчы, 1952-53-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешине караштуу мамлекеттик коопсуздук министрине орун басары.
1953-61-жылы. Ош дубандык ички иштер башкармасынын, Кыргыз КСР Министрлер Кеңешине караштуу Дубандык мамлекеттик коопсуздук башкармасынын начальниги.
1961-67-жылы Кыргыз КСР мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы.
1967-75-жылы Кыргыз КСР ички иштер министрине I-орун басары.
1975-82-жылы Ысык-Көл дубандык ички иштер башкармасынын начальниги болгон.
Эки «Ардак белгиси» ордени, КЭРдин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чүй дубаны энциклопедия. Бишкек-1994 жылы.