Кутургу
(Кутургу, Түп району барагынан багытталды)
Jump to navigation
Jump to search
Айыл
Кутургу
|
Кутургу — Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Түп районундагы айыл. Кутургу айыл аймагына кирет.
Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чыгышында, Түп булуңунун түндүк жээгинде, Балыкчы—Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыштагынан 15 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол станциясынан 176 км. Кыштак 1911-жылы негизделген. Калкы 1687 (2009); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, оорукана, дарыкана бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.
Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]
Калкы ― 1687 киши (2009-жылы)[1].
Булактар[оңдоо | булагын оңдоо]
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9