Кыпчак кыргыны

Википедия дан

Кыпчак кыргыны – 1850–жылдардын башында Кокон хандыгында болуп өткөн кандуу окуя. Кыпчак бийи Мусулманкул 1844 –жылы 14 жаштагы Кудаяр хандын регенти (аталык) болуусу менен ордодо бийликке келгенден баштап, хандыктагы саясий бийлик иш жүзүндө кыпчактардын колунда болгон.

Кыпчак кыргыны
Кокон хандыгы. Мадаалы хандын убагында.
Дата

1850 — 1852 (күз)

Орун

 Кыргызстан /  Өзбекстан тагыраак айтканда Экисуу арасы

Себеп

Мусулманкул 14 жаштагы Кудаяр ханга аталык болушуна байланыштуу бардык бийликти өз колуна топтоого жетишкен. Ушундан улам иш жүзүндө саясий бийликке кыпчактар келип, жер-жердеги бийликти да өз колуна алышкан.

Натыйжа

Кыпчактар кырылат.

Өзгөрүүлөр

Кыпчактар түштүк кыргыздардын курамына кирип Кыпчак уруусун түзүшөт.

Каршы тараптар
Кокон хандыгы
Өзбектер
Кыпчактар
Алай хандыгы
камсыздагандар: Кыргыздар
Колбашчылар
Кудаяр хан Мусулманкул
Тарап күчтөрү
белгисиз белгисиз
Жоготуулар
3000 дей 24.000 — 50.000
анын 3000 аскер

Жер жерлердеги бийлик орундарына кыпчактар дайындалып, мунун өзү отурукташкан калктын, көчмөн кыргыз төбөлдөрүнүн нааразылыгын туудурган. Кокон хандыгында ошол эле учурда кыпчактардын эки тобунун ортосунда да саясий атаандашуу күчөп, ич ара кагылышуулар башталган. Мусулманкулдун бийлигине каршы алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар гана эмес, ошол кездеги Ташкендин кушбеги Нармамбет кыпчак да оппозицияда болгон.
1850-51 – жылдары Нармамбет ташкендик казак, таластык, чүйлүк кыргыздардын бий манаптарын колго алуу менен абалын бекемдеп, Мусулманкулга ачык каршы чыккан. Аны ордодо да бир топ өзбек, кыргыз, атүгүл кыпчак феодалдары колдошкон. Кудаяр хандан колдоо алышкан кыпчактарга каршы топ 1851–жылы кыпчактарды кыргынга алуу демилгеси менен чыгышып, Кокон шаарындагы кыпчактарды кырып салышкан. Кыпчак кыргынынын эң күчтүү учуру Экисуу арасындагы Былкыллама деген жерде Кудаяр хан менен Мусулманкулдун аскерлеринин беттешүүсүндө болуп өткөн. Кармашта 1500 гө жакын кыпчактын өлүгү Карадарыяга ыргытылган. Мусулманкул туткундалган. Кыпчактардын калаасына ордого чейин ар бир 100–200 кадам сайын Мусулманкулдун көз алдында 5–10 кыпчактын башы алынып турган. 1862-жылы күзүндө Мусулманкул дарга асылган. Жалпысынан 1851–52-жылдары Кокон хандыгында 20 миң чамалуу кыпчак кырылгандыгын жазма булактар ырастайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети"
"Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов"
"Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев"

  • Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997; Ошонуку эле. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, Т. 2, Б., 2000;
  • Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973;
  • Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886;
  • Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977;
  • Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т.1. СПб., 1906;
  • Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.