Кыргыздардын XVII—XVIII кылымдагы чарбасы

Википедия дан

Кыргыздардын XVII-XVIII кылымдардагы чарбасынын негизги тармактары: мал чарбачылыгы, дыйканчылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк жана соода тармагы болгон.

Мал чарбачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул мезгилде көчмөн жана жарым көчмөн мал чарбачылыгы менен алектенишкен. Жаратылыштын оор шарттарына чыдамкай жаныбарларды кармашчу. Алар: кой, эчки, уй, топоз, төө өзгөчө жылкыны көп багышчу. Себеби жылкы турмуш тиричилигинде да унаа катары пайдаланылып, калыңга да кошуп берилген[1][2]. Жылкысы көп болгондор бай катары саналып, кадыр баркка ээ болгон. Кокон хандыгынын кыргыз жерлеринин айрым аймактарын каратып алуусуна чейинки мезгилдерде деле жылкы багууга өзгөчө маани берилчү. Хандыктын мезгилине чейин деле кой багуу да таралган бирок жылкыга салыштырмалуу аз санда кармалган.Жылкынын эт, сүт азыктарын да тамак-ашта колдонушкан. Төрт түлүк малдын ичинен кенири таралгандардын катарына кой чарбасын да кошууга болот. Жыл мезгилдерине жараша жайыт которуп, күндүн нуру жакшы тийген аймактарда кышташкан.

Дыйканчылык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мал чарбачылыгы менен катар эле дыйканчылык да болгон. Археологиялык табылгалардан Кыргыз Республикасынын аймагында дыйканчылыктын мал чарбачылыгынан кийинки эле келген тармак экендигин белгилөөгө болот. Дан эгиндеринен буудай, арпа, сулу, буурчак ж.б өсүмдүктөрдү өстүрүшкөн. Салыштырмалуу Фергана өрөөнүндөгү кыргыздарда бул тармак жогору өнүккөн. Ат-Башы, Нарын, Суу-Самыр,Чүй өрөөндөрүн бир катар жерлеринде да дыйканчылык менен алектенишкен. Ал эми жерди айдоодо соко,буурсун куралдарды өгүзгө же болбосо аттарга кошуп айдашкан.

Аңчылык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Териси баалуу болгон жаныбарларга капкан коюуу, тузак салып ,аңчылык кылуу да орун алган. Аңчылык кылуунун бир нече салбуурун, буктурма сыяктуу түрлөрүн колдонууда иттин да мааниси болгон.

Кол өнөрчүлүк соода тармагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашоо турмушуна карата кол өнөрчүлүгү да өнүгүп, түштүктө кездеме токуучулук, жип ийрүү жана жүндөн,териден таар согуу кеңири таралган. Бул жасалган буюмдар, кийимдер башка элдер менен соодадагы байланыштарга алып келген. Чыгыш Тенир-Тоонун жана Фергана базарларында соода алмашуулары жүргөн[3]. Соода мамилелелринде Кыргызыстан аймагы аркылуу өтүп турган кербендердин коопсуздугун камсыз кылууга умтулушкан. Кыргыздардын Синьцзян базарларында соода кылышкандыгын, ал эми Кашкардан соодагерлердин сөйкө, шуру, чай, нават, фарфор идиштерин алып келгендигин айтууга болот. Соода-сатык жана чарба тармактарынын өсүшү менен XVIII кылымда орус соодагерлери көп келе баштаган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Бишкек "Кут бер" 2016. Кыргызстандын тарыхы экинчи том XVII-XIX кылымдар.
  2. Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы IX-XVIII кк.- Б.,2017
  3. Бишкек "Кут бер" 2016. Кыргызстандын тарыхы экинчи том XVII-XIX кылымдар. 120-бет