Кыргыздын чыгаан кыздары
"Адам өлсө, сөзү калат артында,
Жакшы атагы жашай берет калкында".
(Жусуп Баласагын)
Дүйнөнүн түркүгү – эне дешет элибиз. Алар жөнүндө укмуштай уламыштар, макал-лакаптар, сындар, ырлар, санаттар, казалдар, дастандар бар. Байыркы Энесай доорунда элибизден Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген баатыр, акылман аялдар чыккан. Чыгыш менен батыштын хандары жана падышалары кыргыздардан кыз алып, куда-сөөк болууга кызыгышкан. Баскынчылары сулуу келин-кыздарын тартып кетишип, күң кылышкан. Энесайда эки кылымдай ордону бийлеген түрк кагандары кыргыз кыздарын аялдыкка алышкан, ал тургай, башка өлкөлөргө, Византия падышачылыгына чейин тартууга беришкен. Кыргыз тарыхында Каныкейдей акылдуулар, Айчүрөктөй сулуулар, Жаңыл мырзадай, Кыз Сайкалдай айбаттуу баатырлар болгон.
"Эки түрлүү адам баалуу башынан, бири бек да, бири акылман деп угам", – деп Жусуп Баласагын айткандай, акылмандыгы, адилеттүүлүгү менен эл башкарып, "Алай ханышасы" атыккан Курманжан даткадай эл башчылары, Бурулчадай, Ак Шербеттей өткүр акындары болгону белгилүү. Айрыкча, ХХ кылымда кыргыздардын ичинде нечендеген эмгек баатырлары, эл артисттери, депутаттары, коомдук ишмерлери, акындары, жазуучулары, ырчылары чыккан. Алар жөнүндө Кыргызстандын басма сөз беттеринде кыйла ырлар, очерктер, поэмалар, повесттер, романдар жазылган. Ошолордун арасынан ооздон түшпөй келаткан айымдарыбыздын айрымдарына токтоло кетели.
кылымда кыргыз элинен суурулуп чыккан айтылуу Курманжан датка тууралуу Октябрь төңкөрүшүнө чейин эле көптөгөн макалалар, эскерүүлөр, расмий маалыматтар жарык көргөн. Кыргыз элинин өткөн кылымдарда жашап өткөн чыгаан инсандарына жасалган совет доорундагы бир жактуу мамиле Курманжан даткага да жасалган. 1980-жылдардын экинчи жарымындагы коомдук өзгөрүүлөрдөн улам Курманжан датка тарыхта татыктуу баасын алып, ал тууралуу кайрадан макалалар жарык көрө баштады. 1991-жылы Курманжан датканын 180 жылдыгы кыргыз коомчулугунда зор салтанат менен белгиленди.
Ушул салтанаттын эртеси ӨКМК (ГКЧП) башталып, он эки күн өтпөй, 31-августта, кыргыз эли өзүнүн эгемендүүлүгүнө жетишти. Бул да тарыхтын табышмактуу сыры болсо керек. 1907-жылы И. П. Ювачевдин: "Алай кыргыздары жана Курманжан датка жөнүндө жазылган адабияттарды карап олтуруп, ал тууралуу жазылган маалыматтардын ар түрдүүлүгүнө таң каласың... "Алай ханышасы" жөнүндө айтылгандардын баарын кайталап олтуруунун да кажети жок.
Алымбек менен Курманжандын тарыхы атайылап изилдеп, фактыларды текшерип чыгууну талап кыла турган иш", - деп жазганына кошулбай коё албайсың. Курманжан датканын коомдук ишмердиги, дүйнө таанымы, меймандостугу, кара кылды как жарган калыстыгы, аялзатына тиешелүү улуу касиети, үй-бүлөсүнө жасаган энелик мээрмандыгы, калкына жасаган кайрымдуулугу – булардын ар бири терең изилдөөнү талап кылат. Элдик чыгармаларда, дастандарда, санжыраларда эл арасынан суурулуп чыккан кыргыз кыз-келиндеринин касиеттери даңазага бөлөнгөнүн көрөсүң. Андагы Кыз Сайкал, Каныкей, Айчүрөк, Акыл Карачач, Айганыш, Кенжеке, Жаңыл Мырзанын даанышмандагы, калыстыгы, тапкычтыгы, айлакерлиги кыргыз коомчулугундагы аялдардын таасирин, ээлеген ордун айкын көргөзөт.
Кыргыз жергесине Х1Х кылымда келишкен европалык саякатчылардын, окумуштуулардын эмгектеринде да кыргыз айымдарынын касиеттери жогору бааланган. 1856-жылы атайын тапшырма менен Ысык-Көлгө келген казак окумуштуусу Чокан Валиханов кыргыз аялдарынын коомдогу таасирин, ачык-айрымдыгын, меймандостугун суктануу менен жазган. Ал эми 1896-жылы Ош, Алай, Памир чөлкөмдөрүндө жашаган кыргыздарды кыдырган италиялык саякатчы Феликс Рокко кыргыз аялдары тууралуу: "Өтө өнүккөн, маданияттуу элдерде да кыргыздар өз ата-энелерин, аялдарын урматташкандай аялдарды урматтагандар аз кезигет. Алар эч качан жүзүн жаап, өзбек, тажик аялдарындай болуп басынышпайт. Тескерисинче, өз эркектери менен тең укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын пикири да сөзсүз эсепке алынат", - деп жазган.
Андан ары италиялык саякатчы: "Ал тургай, согуш учурунда же башка бир тополоң болгон күндөрдө да кыргыз аялы тынч олтура албай, кээде өз боз үйүнүн бейпилдигин коргоп калуу үчүн кармашка кирген учурлары да болгон. Байыркы авторлордун Каспий боюнда көчүп жүрүшкөн амазонкалар жөнүндөгү аңгемелери кыргыз жана түркмөн аялдарынын ат үстүндөгү турмушун эске салат. Эрктүүлүгү, чарбачылык акылмандыгы менен Азия талааларынын аялдары ХIII кылымда эле Туран өлкөлөрүнө саякатка барышкан европалыктарды таңдандырган", - деп, кыргыз аялдарынын өзгөчөлүктөрүн өтө жогору баалаган. 1898-жылы Ошко келип, Курманжан датканы көргөн "Туркестанские ведомости" гезитинин кабарчысы: "...бул жерде таң кала турган эч нерсе жок, анткени кыргыздарда акылдуу аялдар ар дайым зор таасирге ээ болуп келген", - деп жазган. Курманжан датканын дагы бир касиети - анын энелик улуу касиети. Ал тарбиялаган уулдар өз мезгилинин алдыңкы инсандарынан, журт башкарган билармандардан болушкан. Мында Курманжан датканын таасири зор.
Курманжан датка өзүнүн үй-бүлөсү, уулдары жөнүндө 1894-жылы жазылган катында мындайча сыймыктанган: "Менин балдарым сыяктуу эле алардын атасы жана чоң атасы мурдагы мусулман хандарына жана бектерине ак ниеттери менен берилип кызмат кылышып, ардактуу жана жакшы адамдардан болушкан. Эч качан эч нерсе менен айыпталбаган, өздөрүнүн наамына доо кетирбеген жана элге таанымалдыгы менен сый-урматка ээ болуп келген". Курманжан датканын үй-бүлөлүк кредосу мына ушундай болгон.
Х1Х кылымда жашап өткөн даңазалуу кыргыз айымдары тууралуу сөз кылганда, 1842-жылдан 1868-жылга чейин Кокон ордосунда зор таасирге ээ болуп, хандыкты башкарууга жакындан аралашып келген айтылуу Жаркын айымдын ысымын сыймыктана атасак болот. Анткени кыргыз, кыпчак, өзбек, сарт, тажик элинен куралган Кокон хандыгынын ордосунда кыргыз үйлөрдү тигип, элеттен келген көчмөн элдин өкүлдөрүнө көмөк көргөзүп, ордонун кытмыр кызматчыларын сестентип, кыска убакыт хан тактысына отурган Шералы ханга акыл кошуп, узак убакыт уулу Кудаяр ханга баш-көз болуп, кеңешин берип келген кыргыздын чыгаан кызы Жаркын айым да биз сыймыктана турган кыргыз инсандарынан.
Ал эми маданият тармагында эл таалайына чанда бир туш келген табылгыс жан Бүбүсара Бейшеналиева жөнүндө айтпай кетсек болбос. Менин оюмча, кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку доорунда Бүбүсара Бейшеналиева балбылдап жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Бүбүсара сахнанын таалайы үчүн тагдыр өзү жараткан урумдан ашкан бийчи эле. Өмүрүндө таланты таш жарып, улуу аталган далай эле аткаруучулар, бийчилер бар, бирок мынчалык өчпөс изин калтырган башка бир керемет талантты мындан ары, мүмкүн, эч качан жолуктура албастырбыз.
Бүбүсара Бейшеналиева өз иши, кесиби, өнөрү дегенде жанын төшөп берген адам эле. Ал өмүрүнүн соңку күнүнө чейин сахнадан бөлүнгөн эмес, өзүн балетсиз, театрсыз жашай албастай көргөн. Албетте, өз ишин өзгөртүп, ага жараша тагдырын да кошо өзгөртүп, өмүрүн башкача жыйынтыктай алганга анын мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок искусствону жаны менен бирге бүткөнсүп сезгендиктен, ал сахнага берилген бойдон калган, бул болсо анын адамдык насил-наркын, жан дүйнөсүнүн асылдыгын далилдеп турат. "Менин ыкыбалыма балеттин насили асыл, руху бийик, урумдан ашкан улуу (көзү ачык) көзөлүн көрүп-билүү бактысы туш келгенине курсантмын. Албетте, Бүбүсара Бейшеналиеванын башка да ролдору болгон, анын чыгармачылыгын: репертуарын, жалпы жетишкендиктерин үргүлжү караганыбыз абзел. Бирок "Чолпон" балетиндеги Айдайдын партиясы, менимче, анын искусстводо жеткен эң бийик ролу болду", – деп жазган Чынгыз Айтматов.
Эмгеги менен элге таанымал болгон Зууракан Кайназарова Кыргызстандагы колхоз курулушунун көрүнүктүү ишмери, атактуу кызылчачы катары республикабыздын айыл чарбасынын өнүгүшүнө зор салымын кошкон. Зууракан апабыз эмгек жолун алгач колхозчу болуп иштөөдөн баштап, көп өтпөй эле кызылчачылар звеносун жетектеп, мамлекетке көп түшүм берип турган. Айрыкча кан күйгөн согуш жылдарында, согуштан кийин да күнү-түнү бел байлап эмгектенген. Мээнеткеч дыйкандын эмгектик эрдиги жогору бааланып, Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам алган. Бирок андан кийин да ал кызылчанын түшүмүн жогорулатуу үчүн талбай иштеп, экинчи ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Зууракан Кайназарованын эмгектик эрдиги азыр да дыйкандарга сабак, жаш муундарга үлгү болот деген ишеничтебиз.
Ал эми Уркуя Салиева эжебиз Совет бийлигин чыңдоо үчүн күрөшкөндөрдөн. Кыргыз кыз-келиндеринин ичинен биринчилерден болуп комсомолго, кийин партияга өткөн. Эзүүчү таптарга каршы жана аялдарды азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшкөн. Мүркүт айыл кеңешинин төрайымы болуп шайланган. Уркуя жаш болсо да, эл башкарып, басмачыларга сес көрсөткөндүгү, тайманбастыгы менен эле канча таалим-тарбия көрсөтүп турат. Элдин ырыскысын уурдашып, өз кара жандарын гана ойлогон басмачыларга каршы туруп, элдин таламын талашкандыгы үчүн акыры ошол тап душмандарынын колунан курман болгондугу тарыхта жана элдин эсинде калды.
Маданият тармагында эмгектенип, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, эл үчүн кызмат кылган көптөгөн улуу актрисаларыбыз да бар. Алардын айрымдарын атай кетсем, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Таттыбүбү Турсунбаева, Сайра Кийизбаева эжелерибиздин кыргыз театры менен киносундагы ээлеген орду, XX кылымдагы улуттук көркөм маданияттагы баасы жөнүндө улам бир жаңы көз караш жаралып турарында шек жок. Бул инсандардын таланты улуттук тарыхта өз баасын алды.
Сабира Күмүшалиеванын өмүрү да театр менен тыгыз байланышкан. Актрисанын аты республиканын учу-кыйырына эбактан белгилүү. Жаштайынан театрда иштөөнү алдына максат кылгандыктан, ал мугалимдик кесипке окугандыгына карабастан, Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрына келип кирген. Ошол күндөн тартып ар кыл ролдордун үстүндө талбай эмгектенип, унутулгус образдарды жараткан. Аны менен катар эле кинодо да ондогон ролдорду аткарган. Актрисабыздын эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылган жана Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери менен сыйланган.
Ак кууну көрсөң атпай жүр дегендей, кер маралдай керилген, бул дүйнөдө бир гана жолу жаралуучу перизаада Таттыбүбү Турсунбаева Соң-Көлдө төрөлгөн эле. Бирге ойноп, бирге өскөн агасы Нуркан Турсунбаев экөө чыгармачылыкка да бирге аттанышкан. Экөө эгиздей ээрчишип алып республикалык кароого келип, Таттыбүбү "Гүлкайыр" деген ырды аткарып, 1-орунду ээлеген. Экөө ээрчишип жүрүп Таттыбүбү үчүн жазылган кыска метраждуу "Салиманын ыры" деген фильмге тартылышкан. "Кылдай арамдыгы болгондо Таттыбүбү тирүү калмак", - дейт агасы Нуркан Турсунбаев. Таттыбүбүнүн ырчылык өнөрүнө элибиз 1963-жылы радиого жаздырылган "Ай баратат" аттуу ырды укканда күбө болгон. Анын "Уркуя", "Ак Мөөр" көркөм тасмаларында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган, кыргыз элине бир келген ажайып сулуу экендигин убагында эч ким элебесе керек. Таттыбүбүнүн өлгөнү – бир арман, сулуулугу – бир арман болуп атпайбы.
Таттыбүбү өлгөн түнү кар аралаш мөндүр жаап, эртеси асман чайыттай ачылып кеткен дешет. Асманда ак чардактар пайда болуп, айланып учуп, кыйкуулап, анан кайдадыр канат кагып кетишкен, бир укмуштай кыйкуулашып, адамдар Таттыбүбүнү эмес, жер үстүндөгү Сулуулукту жер астына биротоло көмүп жаткандай болгон дешет.
Эгемендүүлүк жылдарында мамлекет жакырчылыктын сазына батып, мектепке барбай, кароосуз калып, жертөлөдө жан баккан балдар көбөйдү. Эл кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын өйдө коюп, акыры элдин жаалынан коркуп качкан эки президентибизден айырмаланып, кыйчалыш кырдаалда мамлекеттин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Роза Отунбаева кыска аралыкта эркектерге үлгү көрсөтүп, элдин ынтымагы, мамлекеттин чыңдалышы үчүн алгылыктуу иштерди жасады.
Тарых тастыктап тургандай, эң кыйын, эң оор шарттарда бүт кыйынчылыктарга аялдар гана түтөт. Андыктан сөзүмдүн акырында Кыргызстандын айымдарына бардык жакшылыктарды каалап, ар дайым атак-даңкка жетип жүрө беришине тилектештигимди билдирем.
Макаланын автору: Тилекбүбү Султаналиева, Токмок шаарындагы, Кыргыз-түрк «Себат» окуу-тарбия комплексинин китепкана башчысы.
Маалымат булагы: "Шоокум" журналы,
http://shookum.kg Archived 2019-05-14 at the Wayback Machine