Кыргызстандык корейлер

Википедия дан

Кыргызстандык корейлерКыргызстанда жашаган калктын бири, этникалык корейлер. Учурда өлкө боюнча 18 миңден ашуун корей жашайт. Кыргызстандык корейлердин көпчүлүгү Түндүк Кореянын аймагынан көчүп келишкендер.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1860-жылы жарым аралда жут күчөгөн. Дал ошол убакта корейлер Приморск крайына жапырт жер которушкан. Жапониянын Кореяны жеңип алышы кырдаалды ого бетер чыңалтып, кыргындан сактаныш үчүн миңдеген качкындар Орусия жана Кытайга бет алышкан. Аталган өлкөлөрдө аларга беш гектардан жер тилкеси бөлүнгөн, жердин тартыштыгына көнүп калган корейлер үчүн бул чоң кубаныч болот. Үй-бүлөлөр жер иштетүүгө кошумча күч тартуу ниетин көздөй, балдарын үйлөнтүүгө киришкен.8 жашар уулуна бой жетип калган кызды алып беришкен. Орусиялык корейлер боюнча окуялар 1937-жылы курчуй баштаган. Бул учурда Советтер Союзу Жапония менен согушка камынып жаткан учурунда. Алар корей көчкүндөрүнүн арасында жапон тыңчылары жашырынышы ыктымал деп чочулашкан. 1937-жылдын жайында Иосиф Сталин Ыраакы Чыгыш крайынын чек арага жакын аймактарындагы корей калкын Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанга көчүрүү жөнүндө жашыруун токтомго кол койгон. Москва бул операцияны болушунча жеңил жүргүзүүнү пландаган. Маселен, документте үй, мал жана жер үчүн компенсация төлөп берилери айтылган. Бийлик көчүрүлгөндөр үчүн дурус шарт түзүүнү буюрган. Документке ылайык, алар Советтер Союзунун аймагынан да чыгып кете алышмак... Бирок Сталиндин планы кагаз жүзүндө эле калган.

Калып:Кыргызстандын калкы