Кыргызстан вольфрам рудалары

Википедия дан

Кыргызстанда вольфрам рудасын издөө — чалгындоо жумуштары 1930-жылдан башталган.

1932 — 42-жылдары жүргүзүлгөн геологиялык жумуштардын натыйжасында вольфрамдын Ак Суу, Алмалы, Жогорку Жошо, Төлөмүш, Кум Бел, Меликсуу ж. б. кенчелери табылып, айрымдары чалгындалган. Вольфрам рудаларын өнөр жайлык казып алуу жана андан концентрат алуу Ата Мекендик согуш учурунда старателдердин артелдери тарабынан Кумбел, Кашка Суу-1, Мелик Суу, Төлөмүш, Жаманашуу, Жогорку жана Төмөнкү Жошо шеелит кендеринде жүргүзүлгөн. Кыргызстандын аймагында пайда болушу боюнча вольфрамдын ар кандай типтеги кендери жана кенчелери белгилүү. Алар пегматиттик,скарндык, гидротермдик жана чөкмө кендер болуп ажыратылат. Руда тулкуларынын жайгашуу шарты боюнча да вольфрам кендери түрдүүчө. Кварц тарамдары кварцташкан жана грейзендешкен зоналар түрүндө көбүнчө гранит интрузияларынын сырткы контактарында учурайт. Алар негизинен граниттердеги тектоникалык жаракаларына же талкалануу зоналарына топтолгон. Булардан контакт-метосоматоздук кендери өнөр-жайлык мааниде. Контакт-метосоматоздук (скарндык) руда тулкулары гранитоддер менен акиташ тектеринин же гранитоиддер менен чополуу акиташ тектеринин контактыларында кезигет.

Кыргызстандын аймагында вольфрамдын 136 кени жана кенчеси табылып, алардын 85и нагыз вольфрам кени, калгандары башка металлдардын кошумчасы түрүндө кезигет. Алар негизинен Ысык-Көл (Трудовой, Кеңсуу кендери ж. б.) жана Нарын (Кумбел, Кашкасуу, Жаманашуу кендери ж. б.) облустарында, Түштүк Кыргызстанда (Меликсуу кени ж.б.), Талас облусунда (Төөалмаш, Жошо кендери ж.б.) жайгашкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]