Кыргызстан молибден кендери

Википедия дан

Кыргызстандын аймагынан молибденди биринчи жолу 1927-ж. Жумгал тоо кыркасында Ортокууганды суунун алабынан геолог А. А. Аверин тапкан. Кийин Жон Арык, Төлөмүш, Кашкасуу, Кум Бел сыяктуу көптөгөн жерден молибдендин майда кенчелери табылган. Азыр 180дей молибденден гана турган жана башка металлдардын курамында молибдени бар кендери жана кенчелери белгилүү. Алар пайда болушу жагынан пегматиттик, контакт-метасоматоздук, гидротермдик жана чөкмө-метаморфогендик болуп ажыратылат. Республиканын аймагында молибден рудалары текши таралган эмес. Түндүк Теңир-Тоо аймагында негизинен бардык жерде кембрий-ордовик мезгилдеринин катмарларында эндогендик жол менен пайда болгон молибден кендери кезигет. ФерганаКакшаал жана Чаткал — Курама бүктөлүү облустарында жогорку каледон мезгилине таандык интрузия тектерине байланыштуу.

Республиканын аймагында бир катар келечектүү рудалуу аймактарды бөлсө болот. Алардын негизгилери: Төлөк-Кызылбел, Сарыжаз молибден-ванадийлүү району (Төмөнкү Күрмөнтү, Каратөр, Сарыжаз), Көктопурак-Соңкөл жана Чыгыш Алай молибден-вольфрамдуу району (Кашкасуу-1, Кындык, Кичи Алай батолитинин түштүк капталы). Келечеги бар молибден кендери көбүнчө Түндүк Теңир-Тоо ( Чоң Өрүктү-1, Коргон, Кубакы) менен Ортоңку Теңир-Тоодо (Курутегерек, Өрттөнгөнтөр ж. б.) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]