Кыргыз тарыхы лексикалары

Википедия дан

«Кыргыз тарыхы лексикалары» [жооптуу редактор Ошпур Мамбет (Артыш), Кызыл-Суу кыргыз басмасы, 1986, 340 б. араб арибинде] — кытайлык тарыхчы А. Байтурдун китеби. Эмгек 1983-ж. Пекиндеги Борб. улуттар институтунун Кыргыз курсу үчүн окулган лекциялар жыйнагынын биринчи бөлүгү болуп саналат. Мындагы тарыхый окуялар кыргыздар жана алардын эзелки ата-бабалары жашаган Орто Азия, Борбор Азия жана Түштүк Сибирдеги алгачкы жамааттык коомдон тартып, Чыгыш Түркстандын жаңы доорунун орчундуу мезгили — 1911-жылга (цин-манжур сулалеси кулаган кез) чейинки доорду өзүнө камтыйт. Лекциялар жыйнагы он баптан (тароодон) турат. Эмгектин экинчи тароосунда кыргыздар тууралуу тарыхый санжыраларды жана уламыштарды өзгөчө бөлүп карайт. А. Байтур «Манас» менен «Семетейдин» бириктирилип 1958-ж. Фрунзеде жарыяланган китептерине шилтеме берет (33, 41—43-б.). Тарыхчылардын ичинен алгачкылардан болуп Жусуп Мамайдын нускасын булак катары пайдаланат (186— 188-б.). Кыргыздар менен кытайлардын жана кара кытайлардын тарыхый байланыштарын чагылдырууда эпосту пайдаланып (алтынчы тароодо), А. Байтур Алмамбет баатырдын Манаска жолукканга чейинки ысымы Сушуйа экенин (Жусуп Мамайдын айтуусунда) белгилеп, бул каармандын прототиби катары (1124жылдан тартып Түндүк Кытайдан батышка качкан кидандардын (кара кытайлардын) канзаадасы Элли Тайши (орусча — Елюй Даши) каралуусу мүмкүндүгү тууралуу божомол кылат. Алмамбет дал ушу Элли Тайшинин өзү болбосо да анын доорун чагылдырган эпостук каармандын образы экенин (188-б.) белгилейт. «Манас» эпосунун маалыматтары этнографиялык жагдайда өз орду менен пайдаланылган. Мисалы, кыргыздардын ошондой кылымдардагы кол өнөрчүлүгүнүн үлгүсү катары Манастын жоокердик курал-жарактары эскерилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4