Күчүк-кайнаржы тынчтыгы (1774)

Википедия дан

Күчүк-Кайнаржы тынчтыгы (1774)Орусия жана Түркиянын ортосундагы тынчтык келишим. 1768—1774-жылдардагы орус-түрк согушунда Орусиянын жеңишинин натыйжасында Дунайдын жээгиндеги Күчүк-Кайнаржы кыштагында 1774-ж. 10 (21)-июлда түзүлгөн. Күчүк-Кайнаржы тынчтыгы боюнча Крым хандыгы Осмон империясынан бөлүнгөн, Кичи жана Чоң Кабарда Орусияда калган, Азов, Керчь, Еникале, Кинбурн чептери Россиянын карамагына өткөн. Орустун соода кемелери Кара деңизде эркин сүзүүгө, Кара деңиз кысыктары (Босфор, Дарданелл) аркылуу Жер ортолук деңизине чыгууга укук алган. Ал эми Молдова менен Валахия княздыктары иш жүзүндө Орусиянын протектораты болуп калган. Күчүк-Кайнаржы тынчтыгы орустар үчүн түштүк чек араны бекемдөөгө, Кара деңизде сооданы өнүктүрүүгө, Балкан жана Кавказ элдеринин түрк эзүүсүнөн бошонуу күрөшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]