Көчмөн (тасма)

Википедия дан
Көчмөн
каз. Көшпенділер / англ. Nomad / орус. Кочевник

Көчмөн тасмасынын постери
Урааны

орус. Каждый воин, каждый народ, каждая любовь должны иметь своё Отечество

Жанры

драма
тарыхый тасма
асекрдик тасма

Режиссёру

Сергей Бодров
Иван Пассер
Талгат Теменов

Продюсери

Рэм Бергман
Павел Дувидзон
Милош Форман

Сценарийдин
автору

Рустам Ибрагимбеков

Башкы ролдордо

Куно Беккер
Марк Дакаскос
Жей Хернандез
Аянат Эсмагамбетова

Оператору

Юли Стейгер
Дэн Лаустсен

Композитору

Карло Силиотто

Кинокомпания

«Казакфильм»
«Ибрус»
«True Story Production»[1]

Узактыгы

112 мүнөт

Бюджети

34 млн. $

Өлкө

 Казакстан
 Франция

Тили

Орусча, Казакча

Жылы

2005

IMDb

ID 0374089

«Көчмөн» (каз. Көшпенділер, англ. Nomad, орус. Кочевник) — 18-кылымдагы эли-жери, мекени үчүн кызмат кылган Абулхаир хан, Абылай хан, Төлө бий сыяктуу тарыхый баатырлардын жашоосунун негизинде тартылган тарыхый драмалык голливуд-казак тасмасы. Тасмада мекенге болгон сүйүүсү жогорку деңгээлде чагылдырылып берилет.

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

18-кылым.Кытай, Орусия жана Тибет менен чектешкен казак элине жоолашкан жуңгарлар улам кол салып, малын талап, жерин басып алып турат. Казак баатыры Ораз жакын арада казак элинде баатыр туулаарын, ал казак элин, жерин душмандардан коргоп, ар жакта чачылып, өз ара жоолошуп жүргөн казак урууларын бириктирээрин алдын ала айтат. Айткандай эле казак ханы Вали Мансур аттуу уулдуу болот. Бул жөнүндө кабар алган жуңгар эли өз­дө­рүнүн баатыры Шаришти баланы өлтү­рүү үчүн жөнөтөт. Бирок, Ораз баланы сактап калып, аны атасынан сурап алат. Баланы өз колуна алган Ораз ага кошуп дагы бир топ казак баланы казак элинин келечеги үчүн күчтүү, эч нер­седен тайманбас баатыр кылып тарбиялайт. Ал жакта Мансур менен кошо карапайым койчунун баласы Эрали чогуу тарбияланат. Ал экөө күч жагынан да, акыл жагынан да, айла жагынан да деңгээлдери бирдей болуп, бирге өсүп чоңоюшат. Согуш сырларын, ай­ла-амалдарын үйрөнүп эр жетишкен эки жигит ченемсиз сулуу, акылгөй Гаухарды сүйүп калышат. Бирок, экөө тең достугун кыя албагандыктан, сезимдерин ал сулууга билдире алышпайт. Ошентип, экөө сезимин билдире албай жүргөн маалда жуңгар эли казак элине согуш ачат да, Шариш баатыр Гаухар сулууну онунчу аялдыкка алуу үчүн туткунга алат. Аны куткарууга жөнөгөн Эралини кармап алышат да, андан көп өтпөй ыйык даракка сыйынып жаткан жеринен кармалган Мансур менен жекеме-жеке урушка чыгарышат. Мансур болсо аны тааныбай жуңгар деп ойлойт да, өлтүрүп салат. Жуңгар элине өзүнүн ченемсиз айлакерлигин, баатырдык өнөрүн көрсөткөн Мансурду акыры уу берип өлтүрмөк болушканда ошол эле жакта туткунда жүргөн Гаухар куткарып чыгат. Аягында Мансур өз элин душмандардан коргоп, жерине тынчтык орнотуп, бардык казак урууларын бириктирет.

Тасманын тартылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Казак элинин тарыхы жөнүндө тасма тартуу идеясы Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан жаралган. Ал Рустам Ибрагимбековду өзүнө чакырып, сценарий жазууну сунуштайт. Сценарий даяр болгондон кийин президенттин өзү тасманын бюджетине 34 миллион доллар бөлүп, голливуд актёрлорун тасмага тартылууну сунуштайт. Тасманы алгач америкалык режиссёр Иван Пассер казак режиссёру Талгат Теменов менен биргеликте тарта баштаган. Бирок, бул өтө чоң долбоорлуу тасма болгондуктан, съёмка маалында татаал маселелер чыгат. Аны менен бирге кар жаап кирет да, режиссёр минип турган ат жыгылып кетет. Араң турган режиссёр тасманы мындан ары тарта албасын айтып, жумушун жарымынан таштап кетет. Кийинчерээк америкалык режиссёрлор уюмунан мындай татаал шартта америкалык режиссёрлордун иштей албастыгы тууралуу кат келет. Ошентип, тасма тартуу жарымынан токтоп калат. Кийинки жылы мындай татаал шартка көнгөн орус режиссёрун – Сергей Бодровду чакырышат да, тасма тарткан топтун курамын өзгөртүшөт. Бактыга жараша, тасма ийгиликтүү тартылып бүтөт. Сергей Бодров үчүн бул тасманы тартуу кыйынчылык туудурбайт. Себеби, ал аз убакыттан кийин «Монгол» аттуу тасма тартканга даярданып жүрөт жана ал тасманын мазмуну боюнча «Көчмөнгө» окшоп кетет.

Жуңгар элинин баатыры, тасмадагы терс каарман Шариштин ролун белгилүү америкалык актёр Марк Дакаскос аткарган. Шариштин ролу эң оор, эң кызыктуу ролдордун бири. Бул жөнүндө Марк Дакаскос өзү: «Менин аткарган ролум өзүмө абдан жакты. Көпчүлүк Шаришти терс каарман, начар адам катары карашат. Бирок, ал өз элине пайда келтиргенден, эли үчүн кызмат кылгандан башка эч нерсе деле кылган жок да. Себеби, Шариш катылбаганга өзү эле тийишпеген адам» деген оюн билдирген.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Жей Эрнандес Эрали Эрали
Аянат Эсмагамбетова Гаухар Гаухар
Куно Бекер Мансур Мансур
Марк Дакаскос Шариш Шариш
Арчи Као Шангрек Шангрек
Жейсон Скотт Ли Ораз Ораз
Дильназ Ахмадиева Хоша Хоша
Тунгышпай Жаманкулов Абулхаир Абулхаир
Досхан Жолжаксынов Галдан-Цэрэн Галдан-Цэрэн
Эрик Жолжаксынов Барак Барак

Тасманын философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасманын максаты биринчиден, учурда бүткүл дүйнө жүзүн тумоо сыяктуу каптап келе жаткан глобализациядан сактоо, өз элинин тээ ата-бабадан бери улан­тылып, укумдан тукумга өтүп келе жаткан маданият, каада-салт, үрп-адатын унутпоо. Экинчиден, улут жарандарынын, өзгө­чө жаштардын патриоттуулук сезимин ойготуу, чыгаан тарыхый инсандар сыяктуу эли-жер, мекен үчүн кызмат кылууга үндөө болгон.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Сергей Бодровдун тасмалары