Лезгиндер

Википедия дан

Лезгиндер (өздөрүн лезги, лезгияр дешет) – Орусиядагы эл; Чыгыш Кавказдагы лезгиндер тобундагы калк. Негизинен Дагстандын түштүгүндө, Азербайжандын түндүк-чыгышында жана Россияда (411, 5 миң), ошондой эле Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Украина, Грузия жана Түркияда да жашашат. Жалпы саны 640 миң киши (2009), анын ичинде 336, 7 миңи Дагстанда (2002). Лезгин, азербайжан жана орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер, шииттер да бар.

Лезгиндердин жашаган ареалы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагстандын жергиликтүү калкынын бири. Лезгиндердин ата-теги Кавказ Албаниясы, кийин Лакз (Лекх) саясий бирикмесине, Араб халифатына жана Дербент ээлигинин курамына кирген. 11–14-кылымда лезгиндердин автономиялык бирикмеси (айыл жамааты) пайда болгон. 18-кылымда лезгиндердин бир бөлүгү Куба жана Дербент хандыктарынын, 19-кылымдын башында Россиянын курамына кирген. 20-кылымдын башында өзүнчө эл болуп калыптанган. Лезгиндер дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык менен кесиптенип, өнөр жайда иштешет. Салттуу тамак-ашы – дан, эт, сүт азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7