Ленгер көмүр кени

Википедия дан

Ленгер көмүр кени - Казакстандын Чымкент областындагы көмүр кени жаткан жер.

Чымкент шаарынан 29 км түштүк-чыгышта, Угам кырка тоосунун чыгыш жак этегинде. Кенди 1869-ж. тоо инженерлер Мышенков менен Давы­дов ачкан. 1896-жылдан казылат. Ленгер көмүр кендик багыты боюнча созулуп жаткан брахиантиклиналь түзүлүштүн чет жакаларындагы синклиналь бүктөлүүлөрдө, юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектердин арасында жайгашкан. Юра чөкмө тоо тектери үч горизонтту түзөт. Астыңкы го­ризонт — базальт конгломераты жана гравелиттен (калыңд. 48 мге чейин), ортоңку, көмүрлүү горизонт — арасында өндүрүшкө жарамдуу 5 көмүр катмары, 3—4 көмүр линзасы кездешкен алевролит, чопо, кумдук жанa аргелиттерден (калыдд. 120 мте чейин), үстүңкү горизонт кумдук жанa чоподон (калыдд. 330 мге че­йин) турат. Көмүр кени ортодку көмүрлүү горизонтто гана кездешет. Көмүрдүн эң негизги катмарынын калыңд. 0,09—12 м, калгандарыныкы — 0,10—5 мте чейин.

Түсү кара күрөң, салышт. салм. 1,30—1,88, нымд. 26%, орт. күлдүүлүгү 22%, күйгөндөгү орт. жылуулугу 7200 нкал/кг. Составындагы нымды жоготкондон кийин майдаланып, үбөлөнгөндүктөн алыска ташууга болбойт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.