Ливандыктар

Википедия дан

Ливандыктар, Ливан арабдары, ливандык арабдар – эл, Ливандын негизги калкы. Бразилия, Аргентина, Мексика, АКШ, Венесуэла, Австралия, Канада жана башка өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 14–16 млн киши, анын ичинде 3,7 млну Ливанда (2009). Араб тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери христиан (маронит, православ, мелькит, протестант) жана мусулман (сүннөт, шиит, друз) дининде. Ливандыктардын этностук негизин арабдар менен ассимиляциялашкан финикиялык жергиликтүү элдер түзгөн. Өлкөдөгү саясий бытырандылык, 1516-ж. Осмон империясынын курамына кириши, 1920-ж. Франция мандатына тиешелүү мамлекет деп жарыяланышы жана башка ливандыктардын андан ары консолидацияланышына тоскоолдук кылган. 1943-ж. Францияга болгон көз карандысыздыкты жеңип алуу ливандыктардын улуттук экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. Негизги кесиби – соода, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык, бакчачылык. Эркектер кийиз калпак, жүндөн токулган куртка, шаровар, аялдар шаровар, көйнөк, жүндөн токулган кафтан кийип, бетине чүмкөмө жамынышкан. Тамакашы – негизинен дан, сүт, эт азыктары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7