Луганск облусу
Отурукташкан жай
|
Луганск облусу (укр. Луганська область) — Укранинанын түш.-чыгышында.
Луганск областынын жери күдүрлүү түздүк. Северский Донецк өрөөнүнөн түн. жанa түштүктү карай бир аз бийиктейт (200—300 лг). Область жог. сапаттагы таш көмүргө бай; көмүрдүн 2/3 бөлүгү антрацит, калган бөлүтү — кокс комуру. Климаты мелүүн континенттик. Жайы ысык, июлдун орт. темп-расы 21,8°С, кышы суук, январдагы орт. температура —6°Сден —8°Сге чейин жетет. Жылдык жаан-чачыны 400—450 мм. Дарыяларынын көпчүлүгү Северский Донецк аймагында.
Сол куймалары: Красный, Боровая, Айдар, Деркул ж. б., оң куймалары — Лугань, Чод Каменка. Жери кара, чым топурактуу. Токой аз (жалпы аянтынын 7%).
Айбанаттары: коён, түлкү, элик ж. б.; канаттуулардан — бүркүт, торгой, жапайы каз, чулдук.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.