Магниттик гидродинамика

Википедия дан

Магниттик гидродинамика - магнит талаасында электр өткөрүүчү суюктуктардын жанa газдардын кыймылы жөнүндөгү илим; физиканын гид­родинамика менен классикалык электр-динамиканын ортосунда өнүгүп келе жаткан бөлүмү.

Магниттик гидродинамиканын изилдөөчү объектиси —плазма, суюк металлдар, электролиттер. Магниттик гидродинамика астрофизика менен геофизиканын талабына жараша билимдин өзүнчө тармагы болуп 20-кылымда өнүгө баштады. Көпчүлүк космос объектилери магнит талаасына ээ болору аныкталды. Жылдыз атмосферасында чыңалышы 10 000 э бол­гон талаа бар экендиги байкалган, ал эми 1969-ж. ачылган пульсарларда магнит талаасынын чыңалышы 1012 эге жетет. Ушундай талаадагы плазманын динамикалык абалы өзгөрүлөт, анткени магнит талаасынын энергиясынын тыгыздыгынын чоңдугу плазманын бөлүкчөсүнүн кинетикалык энергиясынын тыгыздыгына жакындап, ага салыштырууга болот.

Бул критерий чыцалышы 10~3—10~5 э болгон начар космос магнит талаасы үчүн да туура. Мына ушунун натыйжасында космос плазмасынын магнит талаасында атайын кыймыл теориясын түзүү зарылчылыгы келип чыкты, ал космостук электр-динамика деп аталды. Эгер плазма туташ чойро түрүндө каралса, анда ал теория кос­мостук магнит-гидродинамика деп аталат. Космос плазмасынын магнит талаасындагы кыймылын үйронүү илими акырындап изплдөөчү илим катары пайда болуу менен Магниттик гидродинамиканын методдору жердеги шарттарда колдонула баштады. Магниттик гидродинамика физиканын законуна: гидродинампканын теңдемесси менен электр-магнит талаасынын теңдемесине негизделген.

Биринчиси өткөрүүчү чөйрөнүн (суюктуктун же газдын) агымын мүнөздөйт, бирок кадимки гидродинамикадан айырмаланып, бул агым чөйрөнүн бүткүл көлөмү боюнча электр тогунун бөлүнүшүнө байланыштуу. Магнит талаасы пайда болгондо бул тонко аракет кылуучу электр-динамикалык күчкө туу­ра келүүчү кошумча мүчө жог. теңдемелерге киргизилет. Чөйрөдөгү ток­тун өзү жанa ал токтун магниттик талааны бузушу экинчи топтогу теңдемелер менен аныкталат. Жалпы алганда Магниттик гидродинамиканын тецдемелери сызыктуу теңдемелер эмес жанa аны чыгаруу ото татаал, бирок практикалык маселелерди чыгарууда ар кандай магнит чоңдуктарын пайдаланууга болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.