Маданий ландшафт

Википедия дан

Маданий ландшафт — адам коомунун чарб. аракетинен өзгөргөн географиялык ландшафт.

  • Маданий ландшафт, чөлдөгү сугат жерлүү оазистер, токойлуу талаа зонасындагы айдоо аянттар, кургатылган жанa иштетилген жер ж.б.
  • Табигый ландшафт менен Маданий ландшафттын ортосунда кескин чек жок: Маданий ландшафтта геол. түзүлүшү, рельефтин морфо-структуралык өзгөчөлүгү жанa климаттын негизги касиеттери өзгөрбөй сакталат;
  • Маданий ландшафт геогр. маанилүү закон ченемдердин — зоналуулук жанa азоналуулуктун таасирине баш ийет.

Эгер адам баласы ландшафтка стихиялуу таасир жасаса, анда анын табигый структурасы көпчүлүк убакта кескин бузулуп, жагымсыз процесстер (топурак эрозиясы, аба жанa суулардын булганышы ж. б.) пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.