Маданияттагы аялдар

Википедия дан

Кыргызстанда маданиятта аялдардын орду[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдар Кыргыз маданиятынын активдүү катышуучусу, өзгөчө адабият, театр жана кино тармагын алып караганда. 2020-жылга карата өлкөдө маданият жана искусство тармагында иштеген кызматкерлердин саны 9 миңге жакын болсо, мунун 57 пайызын аялдар түзөт.[1]

Кыргыз кинематографиясынын алгачкы жылдарында аялдардын образдык ролдорунун диапазону 3 негизги амплуаны камтыган: багынбас аялдар (ошол эле учурда үй-бүлө очогунун сактоочусу болуп кала берген), баатыр кыздар жана кадыр-барктуу апалар.[2]

Эгемен Кыргызстандын киносунда аялдардын салттуу образы өзгөрүүгө учурап, бара-бара алардын ролунда феминдик сапаттар артыкчылык кыла баштаганы айтылат.[2]

Кыргыз киносунун жана театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү: Айсулуу Токомбаева (1947), Таттыбүбү Турсунбаева (1944-1981), Бүбүсара Бейшеналиева (1926-1973), Сабира Күмүшалиева (1917-2007), Даркүл Күйүкова (1919-1997), Бакен Кыдыкеева (1923-1993), Динара Асанова (1942-1985), Жамал Сейдакматова (1938-2021) жана башкалар. Актриса, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева азыркыга чейин сулуулуктун символу катары эскерилип келет. Ал тууралуу акын Жолон Мамытовдун минтип эскергени бар: “Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз”.[3]

Нуркамал Жетикашкаева кыргыз адабиятындагы аялдар поэзиясынын баштоочусу. Акын-жазуучулар Майрамкан Абылкасымова, Зуура Сооронбаева, Тенти Адышева жана башкалар кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү болуп саналат.

Бишкектеги искусство университети учурда балерина Бүбүсара Бейшеналиеванын ысымын алып жүрөт.

2020-жылы Бишкекте AWAKE социологиялык клубу “Кыргыз кинематографиясындагы гендердик маселелер: ретроспектива жана перспектива” деген темада тегерек стол өткөрдү.[4] Анда киносынчы Султан Усувалиев кыргыз киносундагы аялдардын образынын өнүгүшү тууралуу айтып “Салтанат” (1955), “Тянь-Шандын кызы” (1961) жана “Боз салкын” (2007) тасмаларынын ортосунда кызыктуу салыштыруу келтирди. Аял режиссёрлор, аял-сценаристтер жана актрисалар чиеленишкен стереотиптерге каршы кантип күрөшүп жатканы тууралуу маалыматтар айтылды.

Тарыхта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Искусство тарыхындагы негизги аялдар” деген китептин автору Сьюзи Ходж искусстводо аялдар көп жылдар бааланбай келгенин айтат: “Аялдар быйыртан чыгармачылык менен алектенишкен, бирок көп кылымдар бою аларга көз жумуп, иш жүзүндө аларды искусствонун тарыхынан чийип келишти”.[5] Римдик жазуучу Улуу Плиний байыркы Греция жана Римдеги бир нече ийгиликтүү сүрөтчү айымдар тууралуу айтат. Бирок Рим кулатылгандан кийин аялдарга абдан көрүнүктүү кесиптерде иштөөгө көп жылдарга чейин тыюу салынган.[5]

Л.Нохлин “Эмне үчүн аялдардан улуу сүрөтчү чыккан эмес?” деген макаласында искусство дайыма социалдык түзүмдө бекемделген жана социалдык институттардын ишмердүүлүгү менен байланышта болгон, бул – аялдарды маданий өндүрүш тармагынан системдүү түрдө чыгарып турган деп белгилейт.[6]

Деген менен тарыхта атактуу сүрөтчү аялдардын ысымы жазылып калды. Алардын катарына италиялык Софонисба Ангиссоланы, франциялык Мари Элизабет Луиза Виже-Лебрёнду, америкалык Мари Кэссетти жана башкаларды кошсо болот.[5]

СССР доорунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Совет бийлигинин орношу Борбор Азияда маданий процесстердин радикалдуу өзгөрүшүнө алып келди.[7]

1926-жылы орусиялык аялдардын 42,7 пайызы гана жазганды билсе, 1939-жылы 83,4 пайызга жеткен.[8] Кыздарды окутуу менен чектелбей, аларга стереотиптерден арылуу жана илимдин бардык тармагында өздөрүн сынап көрүүдөн коркпоосуна жардам көрсөтүлгөн.

СССРде эркектер менен аялдардын тең укуктуулугу расмий жарыяланган 1950-60-жылдары деле театр жетекчиси болгон же башкы режиссёр аялды табуу мүмкүн эмес эле.[9]

Деген менен СССР көптөгөн таланттуу аялдардын багын ачты. Людмила Гурченко, Марина Ладынина, Валентина Малявина, Марина Голуб жана башка актрисаларды, Нора Адамян, Елена Афанасьева, Магира Кожахметова, Меңди Мамазаирова жана башка акын-жазуучуларды атаса болот.

Заманбап күндөрдө маданиятта аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аялдар күнүмдүк жашоодо гана эмес, кино тасмаларда да дискриминацияга кабылышары айтылат.[10] Масс-медиадагы гендердик маселелерди иликтеген америкалык Джин Дэфис институтунун эксперттери ушундай жыйынтыкка келишти. Эксперттер “БУУ-Аялдар” менен бирге акыркы жылдары өнүккөн жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө тартылган ондогон популярдуу тасмаларды көрүп чыгып, анализ жүргүзүшкөн.

Тасмаларда башкы каармандардын 23 пайызын гана аялдар ойношот.[10] Көбүнчө сатуучу же катчынын образында болушат. Директор, менеджер, инженердик ролдор көбүнчө эркектерге ыйгарылат. Көпчүлүк режиссёрлор аял жана карьера дегенди бири-бирине айкалышпаган түшүнүк катары карашарын айтышат адистер. “БУУ-Аялдардын” өкүлү Нанетт Браун тасмалардагы аялдардын образдары тууралуу мындай дейт: “Кино экрандарда аялдар эркектерди ашып өткөн жалгыз көрсөткүч – тилекке каршы, сексуалдуу, дененин кайсы бир бөлүгүн жылаңачтаган кийим. Ушунун өзү киноиндустрия жана андагы аялдардын орду тууралуу көп нерсе айтып турат”.[10]

Акыркы жылдары искусстводогу аялдар өздөрүнүн укуктары тууралуу ачык үн ката башташты. 2015-жылы америкалык актриса Женнифер Лоуренс Голливуддагы сексизмге даттанып,[11] актрисаларга караганда актёрлорго көп төлөнөрүнө макул эместигин айтып чыкты.

Заманбап маданиятта аялдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Заманбап маданият – эмгектин жаңы жабдыктары, жаңы азык-түлүктөр, тиричиликтин жаңы материалдык элементтери (интернет, социалдык желе жана башкалар), жаңы илимий идеялар, искусствонун бардык түрүндөгү чыгармалар жана башкалар. Заманбап маданияттагы аялдар тууралуу сөз кылууда байыркы сүрөтчү аялдар, алардын заманбап мууну тууралуу белгилөө керек болот. Алар заманбап искусствону өзгөртүп жаткандар.[12] Джули Мерету – америкалык сүрөтчү, азыркы күндө эң кымбат абстракционисттердин бири деп эсептелет. Кларисса Далримпл – заманбап искусствонун көрүнүктүү өкүлү, галерист. Мэтью Барни, Джордж Пардо, Нэнси Рубинс сыяктуу сүрөтчүлөрдүн “өкүл энеси” деп аташат. Элла Круглянская – латвиялык сүрөтчү. Анын картиналарынын башкы каармандары негизинен анимациялык толмоч аялдар.

Кино, адабият, театр, музыка[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинодо аялдардын кадрга канчалык көп кошулары ошол тасманы тарткан режиссёрдун жынысынан көз каранды экенин изилдөөлөр көрсөттү.[10] “Эгер фильмди аял-режиссёр тартса, анда каарман аялдар эркектер тарткан тасмаларга караганда экранда 7 пайызга көп көрүнөрүн изилдөө көрсөттү” дешет эксперттер. Заманбап киноиндустриясында дүйнөгө Анжелина Джоли, Натали Портман, Николь Кидман, Шарлиз Терон, Кира Найтли, Инна Чурикова жана башка актрисалар белгилүү.

Forbes Woman`дын 2016-жылкы рейтингинде дүйнөдө 17 жазуучу эң кымбат төлөнүүчү автор катары кошулган, анын ичинен 7 автор аял-жазуучу болду.[13] Алардын катарында Гарри Поттер тууралуу чыгарманын автору Джоан Роулинг (жылдык кирешеси 19 миллион доллар), Нора Робертс (15 миллион), Даниэла Стил (15 миллион), Эрика Леонард Джеймс (14 миллион) жана башкалар бар.

Статистика Кыргызстанда театрга келген көрүүчүлөрдүн саны азайып жатканын көрсөтүүдө. 2018-жылы театрга 175 миң көрүүчү келген, бул 2014-жылга салыштырганда 24 пайызга аз.[14] Орусияда жарандар театрга көбүрөөк барып баштады деген маалымат бар. 2008-жылы мезгил-мезгили менен жарандардын 28 пайызы театрга барса, 2019-жылы бул көрсөткүч 48 пайызга жеткенин Жалпы орусиялык коомдук пикирди изилдөө борбору маалымдаган.[15]

Заманбап жашоодо маданиятка К-РОР агымы жаңылык катары кошулду десе болот. Түштүк Кореянын музыкалык топтору, жеке ырчылары дүйнө жүзү боюнча күйөрман топтой алышты.[16] АКШда аялдардын 78 пайызы музыка индустриясында дискриминацияга кабылат.[17] Эстонияда аялдарга караганда эркектер ата мекендик музыканы көп угушары аныкталган.[18] Популярдуу “Евровидение” сынагынын эң алгачкы жеңүүчүсү – аял-ырчы. Швейцариялык Лиз Ассиа 1956-жылы аталган сынакты жеңип алган.

Америкалык ырчы Мадонна музыкага гана эмес, мода жана феминизмге да олуттуу таасир эткен, артынан көптөгөн жаңы ырчыларды ээрчитип келген.[19] Billboard журналынын көз карашы боюнча, поп-музыка эки доорго бөлүнөт: “Мадоннага чейин” жана “Мадоннадан кийин”.

Колдонулган маалымат булактары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. КРнын Улуттук статистика комитети. Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата материал. 2020.
  2. 2.0 2.1 И. Айдарканов. “Свободная или несвободная женщина востока: образ в кыргызском кинематографе”. 2019.
  3. Макала. “Талант менен ширелишкен сулуулук”. “Азаттык” 2009.
  4. AUCA. Гендерная проблематика в кыргызской кинематографии 2022.
  5. 5.0 5.1 5.2 С. Ходж, «The Short Story of Women Artists: A Pocket Guide to Movements, Works, Breakthroughs & Themes”. 2022.
  6. Е.Н. Шапинская. Женщина в культуре: от извечной «Другости» к торжеству фемининности (орус.). 2018.
  7. С. Абашин. “Культурные процессы и транскультурные влияния в современной Центральной Азии” (орус.)
  8. В. Кирилочкина, Э. Россман, “Как жили женщины в Советском Союзе и почему там не было гендерного равенства”. 2022.
  9. А. Филиппов, “Женщины и театр”.(жеткиликсиз шилтеме) 2021.
  10. 10.0 10.1 10.2 10.3 Л. Благонравова. Женщины в современном кино – продавщицы и секретарши. 2017.
  11. О. Страховская, «Женский взгляд» в искусстве: почему это важно? 2018.
  12. С. Миндлина, “Шесть женщин современного искусства” 2013.
  13. О. Волкова, “Самые богатые писательницы мира: рейтинг Forbes Woman” (орус.) 2016.
  14. «Кино, аквапарк и даже торговый центр. Куда угодно, только не в театр!» (орус.) 2019.
  15. “Социологи выяснили, сколько граждан РФ ходят в театр” (орус.) 2019.
  16. М. Безрукова, “BTS, Blackpink и другие: как K-Pop культура захватила мир и каких представителей из Южной Кореи нужно знать” 2020.
  17. T. Donahue, “Berklee and Women in Music Release Study on Women in the U.S. Music Industry” (англ.) 2019.
  18. “Статистика: в Эстонии мужчины больше слушают местную музыку, чем женщины” 2015.
  19. At Only 24, Jazz Phenom Esperanza Spalding Has The Ultimate ‘X-Factor’ (англ.).