Майлинда Кельменди

Википедия дан
Майлинда Кельменди
алб. Majlinda Kelmendi
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Нукура ысымы

алб. Majlinda Kelmendi

Жарандыгы

 Албания
 Косово

Чеберчилиги

Дзюдо (52 кг чейин)

Төрөлгөн жери

Peć

Бою

162 см

Спорттук чини

Дзюдо (аялдар арасында 52 кг чейин)

Majlinda Kelmendi

Майлинда Кельменди (алб. Majlinda Kelmendi; 1991 жылы 9 майда төрөлгөн) — Косоволук дзюдочу, 2016 жылдагы Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2013 жана 2014), Европанын эки жолку чемпиону (2014 жана 2016). Косово Республикасынын тарыхында эң биринчи жолу Олимпиадалык оюндарда алтын медаль тагынган спортчу.

Биографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991 жылы 9 майда Косово Республикасына төрөлгөн.

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2013-2014), Европанын эки жолку чемпиону (2014-2016), Лондондогу жайкы Олимпиада оюндары (2012) катышуучусу.Рио-де-Жанейро жайкы Олимпиада оюндары (2016) дзюдо боюнча 52 кг чейин алтын медалдын ээси

Рио-де-Жанейродо алтын медаль тагынгандан соң айткан сөзү:

...Мен Олимпиадага алтын медаль тагынуу үчүн келгем. Максатыма жеткеним үчүн кубанычтамын. Косово тарыхында биринчи жолу Олимпиадага катышып жатат жана алгачкы аракетте алтын алганыбыз кубандырат. Косовонун жашоочулары, балдар мени баатыр көрүп, колдоп жатышат. Кыйынчылыктарга карабай көп ийгиликке жетүү мүмкүн. Каалоо күчтүү болсо, кичинекей, жарды өлкөдө жашаганың жолтоо болбойт!


Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]