Майоран (Majorana)
Көрүнүш
Майоран (Majorana) (лат. Origanum majorana) — эрин гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу; көп жылдык чөп же майда бадал.
Жалбырагы дүпүйүп, гүлү майда болот. Жер Ортолук деңизинде 6 түрү кездешет. Бир жылдык өсүмдүк катары Түш. ж-а Борб. Европада, АКШ менен Кытайда; Украина, Литва, Россия жана Орто Азияда эгилет.
Бак Майорандын (Majorana hortensis) сабагынын бийикт. 20—50 см, бутактуу. Жалбырагы тамак-ашка татымал катары пайдаланылат. Жалбырагы менен гүлүнөн эфир майы тартылат. Майоран — ширелүү, дары-дармек өсүмдүгү. Гектарынан 40—50 ц жашыл масса жыйналат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.