Макартур Дуглас

Википедия дан

Макартур Дуглас (26. 1. 1880, Арканзас штаты, Литл-Рок – 5. 4. 1964, Вашингтон) – америкалык аскер ишмери, армиянын генералы (1944). 1903-жылы Вест-Пойнт Аскер окуу жайын бүтүргөн. 1899-жылдан аскердик кызматта. Орус-жапон согушунда (1904–05) жапон армиясынын алдында байкоочу, 1906-жылы бир нече убакыт АКШ президенти Т. Рузвельттин адъютанты. Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, Францияда «Радуга» деп аталган 43-дивизиянын командири жана штаб начальниги, 1919–1922-жылдары Вест-Пойнт аскер окуу жайынын суперинтенданты,1922-жылдан Филиппиндеги америкалык армиянын командири. 1930–1935-жылдары АКШ куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниги, 1935–1937-жылдары Филиппинде аскер кеңешчиси, 1937-жылы Филиппин фельдмаршалы, 1941-жылы Ыраакы Чыгышта америкалык куралдуу күчтөрдүн командачысы, 1942–1945-жылдары америкалык оперативдик – стратегиялык топтун, Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө союздук аскер күчтөрүнүн башкы командачысы. Тынч океандагы союздаш аскерлеринин башкы командачысы катары 1945-жылы 2-августунда америкалык «Миссури» кемесинде Жапониянын капитуляциясын кабыл алган. 1945–1951-жылдары Жапонияда америкалык оккупациялык аскер күчтөрүнүн командачысы. 1950-жылы июлдан 1951-жылы апрелге чейин Корей согушунун жүрү­шүндө БУУнун аскер күчтөрүнүн командачысы болуп, КЭДРге каршы агрессивдүү согуштук операцияны жетектеген. Америкалык аскерлердин Кореядагы жүргүзгөн согуштук операциялары ийгиликсиз болгондуктан, 1951-жылы апрелде бардык командалык кызматтардан кеткен. 1952–1955-жылдары «Ремингтон Рэнд инкорпорейтед», «Сперри Рэнд корпорейшен» ж. б. башкармалыктардын төрагасы болуп ири бизнеске аралашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]