Мальталыктар

Википедия дан

Мальталыктар – эл, Мальтанын негизги калкы. Саны 400 миң киши (2009). АКШ (30,5 миң), Австралия (93,3 миң), Улуу Британия (30,2 миң), Канада (37,1 миң) жана Африканын кээ бир өлкөлөрүндө да жашашат. Мальта, англис жана италян тилдеринде сүйлөшөт. Дини – католик. Мальталыктардын түпкү теги байыркы финикиялыктар (биздин заманга чейинки 13-кылым). Көп кылымдар бою мальталыктар алмак-салмак гректер, карфагендиктер, римдиктер, готтор, византиялыктар, арабдар, норманндар, испандар, француздар жана англистердин бийлигинде турган. Баскынчылар мальталыктардын тиричилигине, маданиятына таасир тийгизген. Мальталыктар негизинен дыйканчылык, огородчулук, малчылык, балык уулоочулук менен кесиптенишкен. Аялдар кара түстүү жамынгыч оронушат. Патриархалдык салт күчтүү. 19-кылымга чейин аялдардын үйдөн чыкпай ибадат кылуу каадасы сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]