Мамырбай ажы

Википедия дан

Мамырбай Тайлак уулу (1870, Ысык-Көлдүн тескейи, Ак-Коргон конушу –1933-жылы азыркы Жети-Өгүз району, Каба айылы) – агартуучу, ишкана ээси, саякатчы. Бугу уруусунун белек уругунан. Ата-энесинен эрте ажырап, 12 жашынан бай туугандарына жалданып иштеп, жан баккан. 20-кылымдын башында Кара-Кол шаарындагы орус, татар ишкана ээлерине жалданып, алардан устатчылыкты, соодагерчиликти үйрөнүп, бай соода үйлөрүнүн агенти болуп иштеген. Акырындык менен өзүнүн дүкөндөрүн ачып, аларда жүн, тери, кийизден жасалган буюмдарды саттырган. П. А. Столыпиндин жер саясатынын убагында ал бир туугандары, үй-бүлөсү менен Жети-Өгүз капчыгайынын Бөйрөк деген жерине отурукташып, тегирмен куруп, дүкөн ачып, мал, дыйканчылык чарбаларын түзгөн. Көчмөн мекендештери менен бирдикте жайлоодогу жайыттарга чейин жол чабышып, дайраларга көпүрө салышкан.

1912-жылы Мекеге зыяратка баруучу Ысык-Көлдүк кыргыздардын тобуна кошулуп, Казан, Астрахань, Кавказ, Кара деңиз, Жер Ортолук, Кызыл деңиз аркылуу Сауд Арабстанына саякат жасаган. Кайтып келгенден кийин, 1913-жылы Бөйрөктө чырактык Кодоңтай ажы менен бирдикте мектеп медресе ачкан. Анын өзгөчөлүгү мектепте балдар менен кыздар чогуу окуган. Бул мектепте белгилүү фольклор жыйноочу Ыбырайым Абдрахманов мугалимдик кылган. 1916-жылы үркүндө эл менен чогуу Кытайга качып, 1917-жылы жерине кайтып келген. Мамырбай ажы карапайым элге дайым каралашкан. Көл кылаасындагы алгачкы агартуучулардан болгон.

Орус, кыргыз достук мамилелеринин өнүгүшүн жактаган, прогрессивдүү ой-пикирдеги адам болгон. Мамырбай ажы кыргыз элинин тарыхында Суусамырдагы Түркмөн болуш, Чүйдөгү Бошкой уулу Өзүбек жана башка сыяктуу 20-кылымдын башындагы калыптана баштаган улуттук ишкер, бардар адамдардын өкүлүнүн бири. Кыргызстандын эгемендүүлүк мезгилинде урпактары ага Жетиөгүз капчыгайында «Мамырбай ажыга урук-тукумунан алкыш» деген жазуусу бар эстелик тургузушту.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия”, Бишкек 2003. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети. “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”. “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]